Globus супермаркетинде жаңы O!Store дүкөнү ачылды! Конокко келиңиздер!

09.08.2017

О! мобилдик оператору  шаардын жашоочуларын жаңы O!Store дүкөнүнө чакырат, ал сатуу жана тейлөө кеңсеси да болуп саналат. Ал Гагарин көчөсү, 275/1 дарегинде жайгашкан, Т.Фрунзе көчөсү менен кесилишет, Globus гипермаркети (Ак-Өргө).

Жаңы O!Store-дон О! мобилдик операторунан кызматтарынын толук спектрин колдонууга болот:

·         тарифтик план же кооз номер тандоо;

·        кошумча кызматтарды жана сервистерди кошуу жана тууралоо;

·        жоголгон SIM-картаны калыбына келтирүү;

·         балансты  комиссиясыз толтуруу;

·        чыгымдардын учурларын алуу;

·         интернетке кирүү үчүн  фирмалык 4G-түзүлүштөрдү  жана  аксессуарларды сатып алуу.

Жаңы форматтагы O!Store дүкөндөрүнүн башкы өзгөчөлүгү – бул көргөзмөлөө стенддери, анда эң актуалдуу смартфондордун тизмеги арзан баада сунушталган. Девайстар, анын ичинде фирмалык O!Phone 4G смартфондорду сатып алардан мурун тандоону аныктоо үчүн текшерип көрсө болот. Жаңы O!Store-го кош келиңиздер, 10.00 дөн 21.00 чейин,  дем алышсыз иштейт (тыныгуу 13.00 дөн 14.00 чейин).

«Биз чынында эле кардарларыбыздын жанындабыз жана алардын саны бүткүл Кыргызстан боюнча дайыма өсүп жаткандыгын сезүү жагымдуу. Бүгүнкү күнү биздин башкы милдет – абонеттердин О! мобилдик оператору менен баарлашуусун максималдуу ыңгайлуу кылуу.  Биздин кеңселерибизге келгендердин баарына сапаттуу тейлөөнү,  ошондой эле  гаджеттерди сатып алууда ар түрдүү акцияларды жана бонустарды сунуштоого кубанычтабыз», - деп  О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко билдирди.

O!Store дүкөндөрдүн даректерин  О!  мобилдик операторунан сайтынан www.o.kg билүүгө болот.

 


Тизмеге кайтуу