Кыргызча
08 августа 2019

Акыркы жаңылыктар

MegaСom компаниясынын билдирүүсүнө карата О! Мобилдик операторунун расмий жокко чыгаруу маалыматы

MegaCom компаниясынын расмий билдирүүсүндө О! Мобилдик операторуна тиешелүү көрсөтүлгөн маалымат чындыкка дал келбейт.

2019-жылдын 7-августунда MegaСom операторунун "Ким чалды" кызматы боюнча жайгаштырган расмий билдирүүсүндө төмөнкүдөй маалымат камтылган:

"Белгилей кетсек, ушундай кызмат Кыргыз Республикасынын башка мобилдик операторлорунда дагы бар жана анын баасы MegaСom операторуна караганда бир нече эсеге көп ( болжол менен 2 сом)".

О! Мобилдик оператору MegaСom компаниясынын аты аталган "Ким чалды" кызматына окшош кызматтын (жооп берилбей калган чалуулар боюнча маалымдоо) О! оператору тарабынан өзүнүн бардык абоненттерине "Добуштук почта" кызматынын алкагында АКЫСЫЗ көрсөтүлөрүн расмий түрдө билдирет.

MegaCom компаниясынын расмий билдирүүсүндө О! Мобилдик операторуна тиешелүү көрсөтүлгөн маалымат чындыкка дал келбейт, ошондуктан "НУР Телеком" ЖЧК  компаниянын кызыкчылыгын коргоо максатында бул маселе боюнча тиешелүү органдарга кайрылуу укугун өзүнө калтырат.