02.05.2017

O!TV тиркемеси эми Smart TV функциясы бар телевизорлордо жеткиликтүү

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө ылайык 2017-жылдын 15-майында Кыргызстанда аналогдук телеберүү өчөт. О! мобилдик оператору телеберүүнү кыргызстандыктардын көпчүлүгүнө мобилдик жана жеткиликтүү кылып жатат. Эми каалаган мобилдик түзүлүштөрдөн – смартфондордон, планшеттерден, бардык популярдуу платформалардагы ПКдан: web, iOS, Android тышкары, телеберүү Smart TV платформасындагы Sony, Phillips, Samsung телевизорлорунун бардык колдонуучуларына жеткиликтүү.

O!TV-ны эки мүнөттүн ичинде кошуңуз – тиркемени өз телевизоруңуздун Smart TV тиркемелер дүкөнүнөн жүктөп алыңыз. *750*1# буйрутмасын териңиз, андан кийин сиз сыр сөз аласыз, аны жана телефон номериңизди авторлоштуруу үчүн колдонуңуз – болгону ушу, сиздин түзүлүштөгү ТВ көрүүгө даяр!

O!TV кыргызстандык каалаган байланыш операторунун абоненттерине жеткиликтүү, бирок О!нун абоненттерине гана ТВ каналдарды көрүүдө интернет-трафик тарифтештирилбесин эске салабыз. «O!TV» кызматынын каалаган топтомуна күн сайын төмөнкүдөй абоненттик төлөмү менен жазылыңыз (КНС эске алып, СС кошпой):
• "Баштапкы" 40 канал – 3 сом; *750*1#,
• "Стандарт" 100 канал – 5 сом; *750*2#,
• "Премиум" 130 канал – 7 сом. *750*3#.

Маалымдама үчүн: O!TV мобилдик тиркемеси Кыргызстандагы Google Play жана App Store-до эң популярдуу акысыз тиркемелеринин топ-10 кирет. Жүктөөлөрдүн саны 50 миң колдонуучуга жетти, бул миңдеген кыргызстандыктар дайыма окуялардын чордонунда болууга жетишип, дүйнөлүк жана ата мекендик кинематографтын шедеврлерин жана жаңыларын каалаган убакта жана каалаган жерде көрүү менен ырахат алды дегендик.

Кененирээк www.otv.kg сайтында, ошондой эле 707 и 0705 700 700 телефондору боюнча (башка операторлордун абоненттери үчүн).

O!TV – жагымдуу көрүү каалайбыз!


Тизмеге кайтуу