О!TV акысыз тиркемелердин рейтингинде алдыда келе жатат

12.01.2017

Өткөн жылдын аягында О! мобилдик оператору O!TV мобилдик телеберүүсүн сунуш кылды. Сунуштун чегинде 130 канал караштырылган, аларды каалаган ар кандай түзүлүштөрдөн көрүүгө болот. 

Мобилдик телеберүүнү ыңгайлуу көрүү үчүн О! мобилдик оператору Android жана iOS операциондук тутумундагы смартфондор жана планшеттер үчүн атайын O!TV мобилдик тиркемесин сунуш кылды. Бир нече жума өткөндөн кийин эле бул тиркеме Кыргызстандагы Google Play жана App Store-дон «Акысыз жаңы тиркемелердин туу чокусу» чартынын үстүнкү сабына чыкты.

O!TV Google Play-ден башка популярдуу сервистерди сүрүп чыгуу менен акысыз тиркемелердин рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү. Ал эми App Store-до бул тиркеме Facebook, Instagram жаа 2GIS менен катар популярдуу акысыз тиркемелердин топ-10 кирет. Рейтинг бир айда программаны колдонуучулардын санына негизделип түзүлөрүн белгилейбиз.

«Колуңда смартфон же планшет бар болгондо, сизге каалаган ыңгайлуу убакта сүйүктүү фильмдерди жана берүүлөрдү көрүү, жаңылыктардан кабардар болуу, сүйүктүү телешоулордун каармандарын байкап туруу мурункудан да ыңгайлуу болуп калды. O!TV кызматы – бул  дал өзүңүздүн түзүлүштөн сүйүктүү 130 каналды көрүүгө мүмкүндүк берет. O!TV-ны кошуп, абоненттер өз смартфонун же планшетин О! түйүнүн жабдылышы камтылган, каалаган башка мобилдик түйүндөр же  Wi-Fi бар бардык жерде толук кандуу телевизорго айланта алышат», - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.

О!нун абоненттери үчүн O!TV-дан ТВ-каналдарды көрүүдө интернет-трафик тарифтештирилбейт.

Мобилдик телеберүүнү көрүү үчүн «Переходи на О!» сызыгынан тарифтердин бирин же  O!TV кызматын кошуп, ТВ-каналдардын ылайыктуу топтомун тандаса гана жетиштүү. Мобилдик телеберүүнү көрүү ыңгайлуу болуш үчүн атайын O!TV мобилдик телеберүүнү PlayMarket же  AppStore жүктөөнү сунуштайбыз. O!TV мобилдик телеберүү боюнча кенен маалымат менен таанышуу жана ТВ-каналдардын топтомун кошуу жөнүндө билүү https://otv.kghttp://perehodi.o.kg сайтынан же 751 жана  0705 700 700  телефондору боюнча (башка операторлордун абоненттери үчүн)  мүмкүн.


Тизмеге кайтуу