Эгемендүүлүк күнүнѳ карата О! бир эле учурда бир нече акция даярдады!

27.08.2021

Алдыда маанилүү чоӊ майрам жана 4 күн бою эс алуу. Кыргызстан Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгын белгилегени турат!

Бул маанилүү окуяга байланыштуу О! Мобилдик оператору кыргызстандыктарга O!Store фирмалык дүкѳндѳрүндѳ эӊ сонун арзандатуулар жана акциялар менен кубаныч тартуулоону чечти.

Аксессуарларга -20% чейин арзандатуулар

Легендалуу музыкалык колонкалар жана JBL фирмасынын зымсыз кулакчындары, RivaCase немец брендинин мыкты рюкзактары менен сумкалары, смартфон каптары, пауэрбанктар, акылдуу термостор, сааттар, ультрадобуштуу тазалагычтар, зымсыз ирригаторлор, робот-чаӊ соргучтар жана башка кѳптѳгѳн кызыктуу буюмдарды үнѳмдѳѳ менен сатып алууга болот! ostore.kg сайтынан тандап, керектүү товардын бар же жок экенин 0705 007 000 телефону аркылуу тактаӊыз да, пайдалуу сатып алуулар үчүн бизге келиӊиз.

  • Баасы 1000 сомго чейинки аксессуарлардын баарына -20%;

  • Баасы 1000 сомдон жогорку аксессуарлардын баарына -10%.

Акция бардык O!Store дүкѳндѳрүндѳ болгону 3 гана күн: 2021-жылдын 29-августунан 31-августуна чейин жүрѳт.

Realme же Tecno смартфондоруна 10% кешбэк!

O!Store фирмалык дүкѳндѳрүнѳн аталган смартфондордун бирин сатып алган учурда сатып алуу суммасынын 10%ын баланска кайтаруу же кешбэктин суммасына кошумча аксессуар сатып алуу мүмкүн. Толугураак маалымат алуу үчүн ostore.kg сайтына кириӊиз же 0705 007 000 телефонуна чалыӊыз.

Blackview смартфондорун сатып алууда кешбэк +1000 сом

Blackview супер бышык смартфондоруна акция 2021-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Жеке мобилдик эсебиӊизге 1000 сомду кайтарып алыӊыз да, ысык жана сууктан, суудан, чаӊдан, ошондой эле катуу нерсеге урунуудан коркпогон смартфонго баа бериӊиз.

Белекке +20 ГИГАБАЙТ интернет!

Каалаган смартфонду бѳлүп тѳлѳѳ менен сатып алууга болот, ал эми ostore.kg сайтынан онлайн тапшырык кылганда, кошумча +20 ГБ интернет АКЫСЫЗ берилет!

Жана эӊ башкысы – балансыӊызды алдын ала толуктап, дайыма байланышта болуӊуз. Сизге ѳлкѳ боюнча O!Store филиалдарынын ири тармагы, кадам сайын орнотулган миӊдеген фирмалык терминал + жүздѳгѳн промоутер-консультант кызмат кѳрсѳтѳт. Мындан тышкары, Сиз «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы аркылуу каалаган учурда, үйдѳн чыкпастан эле балансыӊызды толуктап, 1000ден ашуун кызматты онлайн тѳлѳй аласыз.

О! Мобилдик оператору жалпы кыргызстандыктарды ѳлкѳбүздүн келе жаткан башкы майрамы менен куттуктап, мамлекетибизге тынчтыкты, гүлдѳп-ѳнүгүүнү жана бейпилдикти каалайт!

Акция боюнча товарлардын саны чектелүү. Товар тастыкталган. Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет. Банк ѳз чечими боюнча кредит берүүдѳн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КР УБ № 037 лицензиясы. Realme жана Tecno акциясы боюнча кешбэкти смартфонду сатып алган күнү аксессуарларды алуу же байланыш кызматтары үчүн гана пайдаланууга болот. Blackway акциясы боюнча кешбэк байланыш кызматтары үчүн гана пайдаланылат. Кешбекти «О!Деньги» сервисинин алкагында колдонуу мүмкүн эмес. «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком» ЖЧК тарабынан КР УБ №2021030817, №3022030817 лицензияларынын алкагында кѳрсѳтүлѳт.


Тизмеге кайтуу