19.04.2017

О! мобилдик оператору түйүндү өнүктүрүү үчүн активдүү инвестициялоону улантып жатат

О! мобилдик оператору кардарларды тейлөөнүн жогорку стандарттарына туура келишине умтулат, дал ошол себептен түйүндүн сапатын жакшыртуу жана сыйымдуулугун көбөйтүү анын стратегиясынын негизги приоритети болуп саналат. Мисалы, апрелдин башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад, Ош жана Чүй областтарында байланышты жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барды.

  • 4G жана 3G жаңы жабдылыш менен Ош областынын Жаңы-Өзгөн жана Прогресс айылдары камсыз болду.
  • 3G жана 2G стандарттагы түйүн Бишкек шаарынын 3-кичирайонунда, Жалал-Абад областындагы Кербен шаарында жана Сузак айылында, Чүй областынын Алтын Казык конушунда жакшыртылды.
  • 3G түйүнү менен Ош областынын Киров айылы камсыз болду жана байланыш сапаты Ош областынын Ятан айылында жакшыртылды.


«Биздин кардарларыбыздын дайыма өзгөрүп туруучу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн күчтүү инфраструктура керек, биз аны активдүү өнүктүрүп жатабыз. Инновацияларга көңүл буруу менен, биз технологиялык өнүгүүнүн чокусунда болууга умтулуп жатабыз жана бүгүн О! мобилдик түйүнү ыңгайлуу кызматтарды сунуштайт, алардын арасында ылдам 4G-интернет гана эмес, мобилдик ТВ да бар, алар О! түйүнүн бүткүл аймагында иштейт!», - деп белгиледи О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

О! мобилдик оператору – бүткүл Кыргызстан боюнча ишенимдүү кабылдоо!



Тизмеге кайтуу