О! мобилдик оператору «Чексиз 4G + O!TV» флагман тарифине бааны төмөндөттү

28.04.2017 О! мобилдик оператору 7/30 күнгө «Чексиз 4G + O!TV» флагман тарифине бааны өз кардарларынын күтүүсүнө ылайык төмөндөттү.

Эми 7 күнгө «Чексиз 4G + O!TV» тарифин кошуу баасы бардык салыктарды эске алуу менен болгону - 300 сом, 30 күнгө – 1190 сомду түзөт. Интернет-трафикти чектөөсүз жогорку ылдамдыктагы чексиз 4G интернетинен тышкары, колдонуучуларга 130 ТВ канал жеткиликтүү, аларды көрүүдө О! түйүнүнүн абоненттери үчүн трафик тарифтештирилбейт.

«Адамдар мобилдик интернетти үч критерий: ылдамдык, трафиктин көлөмү жана баа боюнча тандашат. О! чексиз интернетке акцент коет, дал ошол сурамдардын популярдуулугу боюнча бардык рекорддорду коюп жатат. Кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуудан тышкары, биз аларды рынокто эң жагымдуу жана алдыңкы катарда кылууга, бааларды төмөндөтүүгө умтулуп жатабыз», – деп белгиледи О! мобилдик операторунун директору Дмитрий Жуков.

О! оператору өз түйүнүндө 4G колдонуучулардын олуттуу өсүш динамикасын белгилейт, күн сайын абоненттер көптөгөн маалыматтарды жүктөп жатышат. Өз кезегинде, О! мобилдик оператору колдонуучулардын жаңы жүрүм-турумун эске алуу менен жакшырып жатат, адегенде «4G Чексиз + O!TV» тарифин ишке киргизди, андан кийин бул сунуштун баасын 14% азайтты.

«Чексиз 4G + O!TV» тарифи жөнүндө кененирээк www.o.kg расмий сайттын билүүгө болот.

Тизмеге кайтуу