О! мобилдик оператору бүткүл өлкө боюнча 3G жана 4G түйүндөрүн өнүктүрүүнү улантып жатат

18.05.2016

Өлкөнүн телекоммуникация рыногунун технологиялык баштап жүрүүчүсү 3G жана 4G түйүндөрү менен сапаттуу жабдуулоону камсыздап, жаңы база станцияларын ишке киргизди. Өткөн айда Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош областтарынын аймагында 30 дан ашык база станциялары пайдаланууга киргизилди.

Кошумча 4G-база станциялары Бишкек, Токмок, Кант жана Кара-Балта шаарларында,  Чүй областынын Көк-Жар, Маевка айылдарында жана Ош областынын Киров айылында ишке киргизилди.  Мындан тышкары, үчүнчү муундагы түйүндүн камтылышын жакшыртуу максатында Бишкекте, Кара-Балтада, Жалал-Абадда, ошондой эле Чүй областынын Кызыл-Туу, Ивановка айылдарында жана «Геодезист» бакча шериктештигинде, Ош областынын Киров айылында жана Ысык-Көл областынын Булан-Соготу айылында база станциялары эксплуатациялоого киргизилди. Мындан тышкары, Чүй областынын Кызыл-Туу айылында, Жалал-Абад областынын Атана айылында жана Ысык-Көл областынын Булан-Соготу айылында добуштук байланыштын сапаты жакшыртылды.  Жаңы базалардын эксплуатациялоого киргизилиши менен, жогоруда аталган калктуу конуштардын жашоочулары бүгүндөн тартып байланыштын жана интернеттин сапатынын жакшырганын сезе алышат.

 «Ушул жылы бүткүл өлкө боюнча төртүнчү муундагы мобилдик интернетти өнүктүрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Түйүндү өнүктүрүү боюнча О!нун масштабдуу программасынын ишке ашыруунун чегинде 4G  Кыргызстандын 8 ири шаарын - Бишкек, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Кант, Токмок, Кара-Балта жана Кара-Сууну камтып турат. Биз биздин арзан байланышты жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетти республиканын бүткүл калкына, анын ичинде алыскы айылдардын жана чоң эмес кыштактардын жашоочуларына жеткиликтүү кылууга умтулуп жатабыз. О! орноткон ар бир жаңы база станция өлкөнүн жашоочуларына жаңылыктар сайттарына кирүүгө, социалдык тармактарда баарлашууга, видеороликтерди жана фильмдерди онлайн шарттамында көрүүгө мүмкүндүк берүү менен, мурункудан да ишенимдүүлүктү камсыз кылат», — деп белгиледи мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

О! мобилдик операторунун түйүнүн өнүктүрүү менен компаниянын расмий сайтынан  www.o.kg таанышууга болот.

  О!  мобилдик оператору – сенин смартфонуң үчүн байланыш!


Тизмеге кайтуу