Жаңы O!Store дүкөндөрү жана мобилдик түзүлүштөрдүн аксессуарларына арзандатуулар!

09.08.2019

Кыргызстандагы смартфондорду сатуу боюнча дүкөндөрдүн эң ири түйүнү O!Store бүт Кыргызстан боюнча жаңы соода жайларын ачууну улантууда.

Жакында эки дүкөн өз ишин баштады:

  • Ысык-Көл облусу: Каракол шаары, дареги: «Ак Тилек 2», Торгоев көч. (ориентир – «Авангард» дүкөнүнүн жанында). Иштөө графиги: 9:00-18:00 тыныгуусуз жана дем алышсыз.

  • Баткен облусу: Халмион айылы, дареги: Халмион базары (ориентир – базардын башкы киришинин сол тарабы). Иштөө графиги: 9:00-19:00, түшкү тыныгуу 13:00-14:00, дем алышсыз.

Мобилдик түзүлүштөрдүн аксессуарларына АРЗАНДАТУУЛАР

2019-жылдын 1-августунан 31-августуна чейин бардык O!Store дүкөндөрүндө Olmio жана Partner аксессуарлардын бардыгына 20% арзандатуу жүрөт! Бул бренддер буюмдардын сапаты үчүн жооп беришет жана ар бир товар кепилденилген.

O!Store дүкөндөр тармагы – дүйнөлүк Samsung, Apple, Huawei, Xiaomi, LG, Honor бренддеринин расмий өнөктөшү. О!Store консультанттары сиздин смартфонуңуздун моделине ылайык бардык керектүү нерселерди тандоого жана О! Мобилдик операторунан пайдалуу тарифти кошуп алууга жардам беришет. Түйүндүн бардык дүкөндөрүндөй эле жаңы O!Store дүкөндөрүндө дагы каалаган смартфонду насыяга же банктын үстөк пайызысыз бөлүп төлөөгө жолжоболоштурса болот. 

Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.

Сизди кызыктырган моделдин бар экендигин, насыяга жана бөлүп төлөөгө жолжоболоштуруу үчүн керектүү документтердин тизмеги менен кошо толук маалыматты 0 705 007 000 телефонуна чалып, же болбосо www.ostore.kg cайтынан сурап биле аласыз. Насыяны «Дос-Кредобанк» ААК берет жана себептерин түшүндүрбөстөн насыя берүүдөн баш тарта алат. «Дос Кредобанк» ААК КРУБ лицензиясы: №037.


Тизмеге кайтуу