О! мобилдик оператору бүткүл Кыргызстан боюнча 80 база станциясын ишке киргизди

01.03.2017

О! мобилдик оператору борбор шаарда жана өлкөнүн аймактарында кошумча база станцияларын курууну улантып жатат. 15-февралдан тартып азыркы учурга чейин 80 ден ашык жаңы база станциясы пайдаланууга киргизилди.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кербен, Таш-Көмүрр, Кочкор-Ата, Токтогул, Балыкчы, Шопоков, Кара-Балта, Токмок, Өзгөн, Кара-Көл шаарларында 4G түйүнүнүн радиожабдуусу көбөйтүлдү.

Түйүн инфраструктурасынын жаңы объекттери Чүй областынын Маевка, Сокулук, Орловка, Гавриловка, Новопокровка, Киршелк, Красная Речка, Ивановка, Буденновка, Ак-Бешим, Ленинское, Восток, Новониколаевка, Полтавка, Беловодское, Садовое, Александровка, Петровка, Ак-Суу айылдарында байланыш сапатын жакшыртып жана 4G түйүнү камтыган аймакты кеңейтүүгө мүмкүндүк берди.

Жалал-Абад областынын Ала-Бука, Базар-Коргон, Массы, Паиз-Булак айылдарында, Нарын областынын Кочкор  жана Жаңы-Жол айылдарында, Ош областынын Телейкен, Кашгар-Кыштак, Нариман, ВЛКСМ, Фрунзе айылдарында жана Ысык-Көл областынын Бөкөнбаев айылында кошумча 4G-база станциялары ишке киргизилди.

Кыргызстандын аймактарындагы компаниянын абоненттери атайын жаңы сунушту «Алга Интернет + O!TV» колдоно алышат, анын чегинде мобилдик интернет 2 Мбит/с чейинки ылдамдыкта интернет-трафикти чектөөсүз берилет жана каалаган табиттеги 130 ТВ-канал бар. «Алга Интернет + O!TV» тарифинин абоненттик төлөмү 30 күнгө болгону 750 сомду түзөт.

О! мобилдик операторунун кардарлары мобилдик телеберүүнү өз түзүлүшүнөн «О!го которул»  тарифтеринин жаңы тизмегинин бирин же  O!TV кызматын кошуп көрө алышат. ТВ-каналдарды көрүүдө интернет-трафик О! түйүнүндө тарифтештирилбейт. О!TV мобилдик тиркемесин PlayMarket жана AppStore маркеттеринен жүктөөгө болот.

О! мобилдик оператору –  сенин смартфонуң үчүн байланыш!


Тизмеге кайтуу