О! мобилдик оператору бардык абоненттер үчүн «Интернет-Роуминг» кызматын 32 түйүндө кое берди

01.02.2016

О! мобилдик оператору эсептешүүлөрдү талдын ала өлөө тутумундагы абоненттерге дүйнөнүн 26 өлкөсүндөгү эл аралык операторлордун 32 түйүнүндө роумингде интернетти колдонууну жеткиликтүү кылды.

 «Учурдагы динамикалуу жана технологиялык чөйрөдө интернет биздин жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Биз интернет кызматын улам сайын көптөн колдонуп жатабыз. Ошол эле учурда саякаттоолор жана ишкердик сапарлар – ар бир адамдын жашоосундагы маанилүү нерсе. Биз бүгүн жаңы кызматты кое бердик, ал биздин абоненттерге эл аралык роумингде мобилдик интернет кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Интернет-роуминг менен О!нун кардарлары алар көнгөн маалымдарды алмашуу кызматтарында эч кандай чектөөлөргө туш келбейт, 26 өлкөнүн биринде жүргөндө өз мобилдик түзүлүшүнөн интернетке кирип, электрондук почтаны эркин колдонуп, жаңылыктарды карап, соцжелелерде баарлашып жана мультимедиялык билдирүүлөр менен алмаша алышат. Мисалы,  1 Мб интернеттин баасы Казахстандык Altel түйүнүндөгү роумингде болгону 1 сомду түзөт. Албетте, бул өтө ыңгайлуу чечим, аны бардык активдүү интернет-колдонуучулар калыс баалай алышат!», - деп О! мобилдик операторунун интерконнект жана руминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов белгиледи.

 «Интернет-Роуминг» кызматын кошуу үчүн *997# буйрутмасын терүү керек. Интернет-роуминг кызматын кошуу активдештирүү  «Роуминг» кызматын кошкондон кийин гана (кошуу буйрутмасы - *996#) жеткиликтүү экендигине көңүл бурабыз.

 «Роуминг» кызматы Кыргызстандын чегинен тышкары жүргөндө мобилдик байланышты SIM-картаны алмаштырбастан колдонууга мүмкүндүк берет. Бул кызмат эсептешүүлөрдү алдын ала төлөө тутумундагы каалаган тарифтик пландагы абоненттер үчүн жеткиликтүү.

«Интернет-Роуминг» кызматы иштеген өлкөлөрдүн тизмеси менен таанышып, тарифтештирүү жөнүндө кененирээк компаниянын www.o.kg сайтынан роуминг бөлүмүнөн билүүгө болот.


Тизмеге кайтуу