О! мобилдик оператору Нарында 4G коё берди

11.02.2016

Кыргызстандын мобилдик байланыш рыногунун технологиялык баштап жүрүүчүсү – О! мобилдик оператору операторлордун ичинен биринчи болуп бүгүнкү күндөгү эң жогорку ылдамдыктагы технология боюнча мобилдик Интернет - 4G кызматын Нарын шаарында көрсөтүүнү баштады.

 «Биз аймактарда жеткиликтүү жана ынгайлуу мобилдик Интернетке болгон жогорку муктаждыкты көрүп жатабыз, мунун өзү да түшүнүктүү, себеби өлкөнүн областтарындагы жашоочуларда провайдер тандоо  мүмкүндүгү жокко эсе. Ошол себептен компаниянын эң приоритеттүү милдеттеринин бири болуп  - кыргызстандыктардын максималдуу санына 4G-интернетин колдонуу мүмкүндүгүн берүү жана бара-бара өлкө боюнча төртүнчү муундагы түйүндү кеңейтүү болуп саналат, – деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи. – Бүгүнтөн тартып төртүнчү муундагы түйүндүн ылдамдык мүмкүндүктөрүн эми Нарын шаарынын жашоочулары баамдай алышат. 4G түйүнү колдонуучуларга “оор” файлдарды тез жүктөөгө, жогорку тунуктуктагы онлайн-видео көрүүгө, онлайн-оюндарды ынгайлуу ойноого, жогорку ылдамдыкты талап кылуучу заманбап интернет-сервистерин пайдаланууга мүмкүндүк берет. Жаңы түйүндүн дагы бир артыкчылыгы – биз жаңы кызматты мурунку муундагы мобилдик интернеттин тарифтерине барабар баада,  жаңы кызматтын ылдамдыгы үчүн кошумча бааларды албастан көрсөтүп жатабыз. Бул факт. Ошондой эле борбор шаарыбызда 4G түйүнүнүн эң популярдуу болушу бизге төртүнчү муундагы байланыш эми Нарындагы биздин абоненттер үчүн көп суроо-талапка ээ болот деген ишенимди берет».

О! мобилдик оператору Кыргызстандын мобилдик операторлорунан биринчи болуп бүгүнкү күндөгү жогорку ылдамдыктагы мобилдик 
интернет технологиясын - 4G колдонууга мүмкүндүк берди жана аны кошуу үчүн кымбат эмес жана бышык түзүлүштөрдүн тизмегин сунуш кыларын эске салабыз. Бул жөнүндө кененирээк shop.o.kg дүкөндүн сайтынан билүүгө болот. 


Тизмеге кайтуу