О! мобилдик оператору Баткен облусунда өз ишмердүүлүгүн кеңейтти

12.10.2017

Азыркы учурда алыскы Баткен облусунун 10 миңден ашуун тургундары О! мобилдик түйүнүнүн ишенимдүү кабыл алган аймагында жашашат. Мунун баары кыргызстандыктарды заманбап байланыш кызматтары менен камсыз кылуу үчүн аракеттенип жаткан О! компаниясынын техникалык адистеринин күнү-түнү иштеген ишине жараша ишке ашып жатат.

Өткөн айда Баткен облусунун Кызыл-Кыя, Айдаркен шаарларында ошондой эле Пылдырак, Арпа-Сай, Гульмион , Разъезд, Валакиш, Үч-Коргон, Кара-Жыгач, Майдан, Калача, Какыр, Кара-Дөбө айылдарын 3G/4G муундун байланышы менен каптоо жүзөгө ашырылды. Түйүндүн көлөмү менен сыйымдуулугун кеңейтүү боюнча аткарылган иштердин комплекси алыс жайгашкан шаар жана айылдардын 10 миңдеген тургундарына О! мобилдик түйүнүнүн бардык артыкчылыктарын баалоолоруна мүмкүнчүлүк берип, зымдуу интернет болбогон райондордо да дүйнөлүк желенин ресурстары жеткиликтүү болуп калды.

Аткарылган иштердин натыйжасында ишке ашкан О! түйүнүнүн маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгы баткендиктерге маалыматтарды алмашуу кызматтарын жайлуу колдонууну, мультимедиа контентин оперативдик жүктөөнү, жайлуу интернет-браузингди колдонууну, электрондук почта жана файлдык тиркемелер менен ыңгайлуу иштөөнү, агымдык видеолорду көрүүнү камсыз кылат.

Мындан тышкары О! мобилдик оператору Баткен облусунда жаңы O!Storе дүкөндөрүн ачуу менен абоненттерине дагы жакыныраак болуп калды. Дүкөндөрдө мобилдик байланышка тиешелүү кесипкөй кеңештерди алуу менен бирге, заманбап смартфондорду жана мобилдик түзүлүштөрдү сатып алса болот.

Баткен шаары. O!Store – дареги: Сайдиман Ажы көчөсү, №жок, ориентир: «Магнит» дүкөнүнүн маңдайы. Иштөө графиги: 9:00дөн 19:00гө чейин, тыныгуусуз, дем алышсыз.

Кадамжай а. O!Store – дареги: Гагарин көчөсү, №жок, ориентир: Пүлгөн-Автобекет. Иштөө графиги: 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу 13:00-14:00, дем алыш – жекшемби

О! мобилдик оператору – Кыргызстан боюнча мыкты байланыш.


Тизмеге кайтуу