О! мобилдик оператору роумингдин географиясын кеңейтти

29.07.2016

О! мобилдик оператору эл аралык роуминг кызматтарын көрсөтүүчү чет өлкөлүк өнөктөшөрдүн түйүнүн кеңейтүүнү улантып жатат. Эми О!нун препейд абоненттеринде Теле2 (Россия) жана Mobitel (Грузия) түйүндөрүндө роумингди колдонуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондой эле оператордун корпоративдик кардарларына Telefonica (Германия), Теле2 (Россия) жана ATM Mobilis (Алжир) түйүндөрүндө роуминг кызматтары жеткиликтүү болуп калды. Мындан тышкары, эми интернет-роумингди Vodafone (Италия), Telefonica (Германия) жана Теле2 (Россия) операорлорунун түйүнүндө да колдонууга болот, ал эми  4G-роуминг Star Telecom (Тайвань) түйүнүндө жеткиликтүү.

 «Биз роумингдин географиясын дагы да кеңейттик жана Италия, Россия, Грузия, Алжир  жана Германиянын бир катар операторлору менен келишимдерди түздүк. Буд биздин абоненттерибизге бүткүл дүйнө боюнча саякаттап, телефон номерин алмаштырбастан дайыма байланышта болууга мүмкүндүк берет. Биздин абоненттер 4G-роумингди АКШда, Россияда, Кытайда, Бельгияда, Казакстанда, Люксембургда жана  Кореяда, бүгүндөн тартып Тайванда колдоно алышарын эске салабыз. Биздин команданын аракети менен биз О!нун кардарларына ишенимдүү, пайдалуу жана ыңгайлуу роуминг сунуштап жатканыбызга кубанычтабыз», — деп белгиледи О! мобилдик операторунун интерконнект  жана  роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов.

 «Роуминг» кызматын кошуу үчүн *996# буйрутмасын терүү керек. Ал эми интернетке кирүү менен «Роуминг» кызматын кошуу үчүн Кыргызстандан чыгып кеткенче *997# буйрутмасын терүү зарыл.

 Роуминг кызматына болгон тарифтер менен таанышуу компаниянын расмий сайтында www.o.kg   жетиликтүү.


Тизмеге кайтуу