О! мобилдик оператору түйүндү масштабдуу кеңейтүүнү улантып жатат

15.02.2016

О! мобилдик оператору түйүндүк инфраструктураны бүткүл өлкөдө өнүктүрүү боюнча масштабдуу иштерди улантып жатат, 2016-жылдын февралынын башынан тартып 30 дан ашык база станциялары орнотулду.

Компания 3Gнын камтуусун Ысык-Көл жана Чүй областтарында бир топ кеңейтти. 3G түйүнүн кеңейтүү боюнча иштер Ысык-Көл областынын Тору-Айгыр, Корумду, Орто-Өрүктү, Кара-Ой, Саруу, Тосор, Даркан, Жети-Өгүз, Төрт-Күл, Ой-Тал, Түп айылдарында, ошондой эле   Балыкчы шаарында жана  Жети-Өгүз санаториясында жүргүзүлдү. Муну  менен катар техникалык адистер 10 дой жаңы 3G объектисин орнотуу менен, Чүй областынын Новопавловка, Дружба, Юрьевка, Каирма, Арашан, Алексеевка айылдарында,   Кара-Балта шаарында  жана Фрунзе совхозунда да түйүн кеңейтүү боюнча комплектүү иштерди аткарышты. Добуштук байланыштын сапаты Чүй областынын  Таш-Көмүр айылында, Алексеевка айылында жана Жалал-Абад областынын Жаңы-Абад айылында жакшыртылды.

Нарын шаарында жаңы база станцияларын орнотуу жана ишке киргизүү бул шаардын жашоочулары жана коноктору үчүн жогорку ылдамдыктагы 4G интернетин жеткиликтүү кылды.

«Биз өлкөнүн болушунча көптөгөн жашоочуларына заманбап байланыш кызматтарына кирүү  жеткиликтүү болуш үчүн түйүндү кеңейтүүнү улантып жатабыз жана арзан баада сапаттуу байланыш кызматтарын сунуштоого умтулабыз. Биз инфтраструктураны кардардардын муктаждыктарына жана күтүүлөрүнө ылайык өнүктүрүүнү улантуудабыз. Натыйжада, биздин абоненттер мурункудан да сапаттуу байланыш кызматын өзгөрүлбөс арзан баада колдоно алышат” – деп компаниянын техникалык дирекциясынын директору Антон Коваленко белгиледи.

Компаниниянын түйүндү андан аркы кеңейтүүлөрү жөнүндө маалымат  компаниянын расмий сайтына www.o.kg, ошондой эле О!нун FacebookОдноклассникиTwitterInstagram-дагы расмий барактарына жарыяланып турат. 


Тизмеге кайтуу