Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору машинада колдонуу үчүн ыңгайлуу 4G-түзүлүш сатып алуу мүмкүн экендиги жөнүндө жарыялайт. Акциянын чегинде 4G Wi-Fi Wingle, машина зарядыкасынан, ошондой эле Non Stop кызматы бар жогорку ылдамдыктагы 4G-интернет - 8 Гб күндүзгү трафик жана бонустук чексиз түнкү график болгон комплектини 2390 сомго сатып алууга болот. 4G Wi-Fi Wingle машинадагы «тамеки күйгүзгүчкө» туташтырылат жана Wi-Fi аркылуу интернет таратат.
«Бул комплект заманбап машиналардын ээлери үчүн алмаштыргыс. Азыркы учурда унаада жүргөндө жогорку ылдамдыктагы интернеттин болушуна муктаждык өсүп жатат. Мобилдик интернет машинага толугу менен интеграцияланат жана жаңы мүмкүндүктөрдү ачат. Мисалга, өз унааңыз менен жүргөндө навигацияны тууралап, бара турган каттамды дароо машинанын экранынан тандап, кыймылдаткычты дистанциялуу түрдө ишке киргизип, сүйүктүү музыканы онлайн угуп, видео көрүп ж.б. кылса болот. Унаада интернеттин бар болушунун дагы бир артыкчылыгы – сиз менен бара жаткан жүргүнчүлөр да сиздин Wi-Fi түйүнүңүзгө кошулуп, онлайн боло алышат », – деп белгиледи компаниянын директору Максим Сидоренко.
Бүгүнкү күнү «Купи 4G WiFi Wingle и получи подписку MEGOGO «Кино и ТВ» на 1 месяц» акциясы жүрүп жаткандыгын эске салабыз.
Түзүлүштөрдү Бишкек шаары боюнча акысыз жеткирип берүүчү O! Store дүкөндөрүнөн жана shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн акция боюнча сатып алсаңыздар болот.
Түркиядан Кытайга чейин – О! операторунан роумингде пайдалуу интернет-топтомдор
«Переходи на О! Комбо» – 200+ каналды O!TVден акысыз көр
Жай, Ысык-Көл – О! белекке интернет жана сувенирлерди берет
Кыргыз киносу сиздин смартфонуңузда: Etnomedia бекер онлайн-кинотеатры
Термометрлер чектен чыгып жатканда, О! операторунда – үй-бүлөлүк тарифке минус 25%
Бардык жаңылыктар