О! Мобилдик оператору «КИТ-2019» IT-форумун ачты жана IT тармагындагы мыктылардын мыктысын аныктады

24.09.2019

Бүгүн Бишкекте күздүн маанилүү IТ-окуясы – Кыргызстандын инновациялык технологиялардын VII форуму – «КИТ-2019» өтүп жатат, анын башкы демөөрчүсү инновациялардын лидери жана Кыргызстандын эң ири оператору О! Мобилдик оператору болду.

О! Мобилдик операторунун өнүмдөрү боюнча директору Юрий Челбаков жыйынды ачты жана бүгүнкү окуянын маанилүүлүгүнө токтолду, бардык чогулгандарды «Киберкоопсуздук» жана «Электрондук коммерция» секцияларында өтө турган компаниянын инновациялык өнүмдөрүнүн O! Safe Kids жана «Мой О!» тиркемелеринин электрондук капчыгынын презентацияларына чакырды.

Форум жагымдуу нерселерден башталды, мыктылардын мыктыларына сыйлыктар тапшырылды. Жаңычыл көз караштагы адистер жана энтузиасттар иш-чаранын башкы демөөрчүсүнүн фирмалык белектери менен сыйланышты.

«Мыкты IТ-сервис» үчүн – өлкөнү санариптештирүүгө кошкон маанилүү салымы, мамлекеттик секторго маалыматтык технологияларды киргизүү, “Түндүк” электрондук өз ара аракеттешүү боюнча электрондук тутумду түзгөндүктөрү, кеңири масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду (“Коопсуз шаар”) ишке ашыруу, «Мамлекет платформа катары» инновациялык долбоорду ишке ашыруунун алкагында бизнес менен өнөктөштүктү өнүктүрүү жана өлкөнүн жарандарынын турмушун жакшыртуу үчүн ( анын натыйжасында кыргызстандыктар азыр телефондорундагы тиркеме аркылуу салыктарды төлөп, башка кызматтарды да ала алышат) мамлекеттик иштеп чыгуучулар сыйланышты. «Инфосистема», «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору», «Инфоком», «АйТи Сервис» сыяктуу мамлекеттик IТ-компаниялардын ишмердүүлүгу белгиленди.

«Жылдын ачылышы» сыйлыгы акыркы жылдарда өлкөдөгү маалыматтык технологияларды өнүгүүсүнө баа жеткис салымын кошуп келе жаткан жана информатика боюнча абройлуу олимпиадалардын чемпиондорун даярдап жаткан кишиге – Ч.Айтматов лицейинин информатика мугалими Кылычбек Ураимовго тапшырылды.

Үчүнчү сыйлык «IT персона» - кыргызстандык IТ-коомчулугундагы абдан абройлуу сыйлыктардын бири. Бул жерде ата мекендик маалыматтык технологиялардын өнүгүүсүнө кошкон жеке кишинин салымы маанилүү болуп саналат. Бүгүн бул сыйлыкка «Улут Софт» компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Мирбек Окенов татыктуу болду. Мирбек программалык камсыздоону иштеп чыгуу тармагында 2014-жылдан бери эмгектенип келет, бул мезгилдин ичинде компания Кыргызстандын туризм, авиация, масс медиа, каржы, коопсуздук тармактарында керектүү IТ-долбоорлорду ишке ашырды. Мунун катарында компьютердик Google Translate онлайн-котормочу үчүн 400 миңден ашуун кыргыз сөз айкаштарынын жана терминдеринин котормосун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтынын жаңылануусун белгилеп кетсе болот.

Бүгүнкү номинантты тандоо үчүн маанилүү жетишкендиктеринин бири болуп – машина аркылуу окутууну колдонуу менен текстти кыргыз тилинде окуу эсептелди. Бул кепти мамлекеттик тилде ойнотууну ишке ашыра турган толук кандуу жасалма интеллектини түзүүнүн биринчи этабы болуп саналат.

Төртүнчү сыйлык «Мыкты социалдык долбоор»

Эксперттерден турган калыстар тобу быйылкы жылдын мыкты социалдык долбоору катары Bilesinbi.kg билим берүүчү жаштар порталын тандады. «Билесиңби» долбоору bilesinbi.kg сайтынын жана социалдык тармактардын негизинде иштеген кыргыз тилиндеги маалыматтык аянтча болуп саналат, аянтчада өспүрүмдөр жана жаштар WhatsApp жана социалдык тармактар аркылуу саламаттык сактоо, психология, укуктук, каржылык жана диний сабаттуулук, билим берүү боюнча суроолорун бере алышат. «Билесиңби» аянтчасынын миссиясы – өз саламаттыгы, укуктары жана айланасындагылар менен баарлашуу көндүмдөрүнө ээ, технологияларды тушүнө билген жана өз карьерасын курууга жөндөмдүү, саламаттыгы чың жана өзүнө ишенимдүү улутту тарбиялоого жардам берүү болуп саналат.

Форумдун азыр кызуу маалы. Ага эки миңден ашуун киши катышып жатат – алар Россиянын, Казакстандын, Украинанын, Финляндиянын, АКШнын жана Кыргызстандык IТ-индустриясынын алдыңкы эскперттери, ошондой эле жергиликтүү IТ-коомчулугунун өкүлдөрү, студенттер жана окутуучулар. Дал азыркы учурда стартаптардын көргөзмөсү жүрүп жатат, ал эми формудун катышуучулары эң жаңы IT-иштелмелер менен таанышып жатышат.

Иш-чаралардын баяндамачылары жана прграммасына байланыштуу тууралуу толук маалыматты kit2019.gipi.kg сайтынан таба аласыз.

Форумдун уюштуруучулары: «Интернет-саясаттын жарандык демилгеси» коомдук фонду, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (МТжБМК), Билим берүү жана илим министрлиги, Жогорку технологиялар паркы.

Форумдун башкы өнөктөштөрү: «Digital CASA-Кыргызская Республика» МТжБМКнын долбоору жана «Манас» КТУ. Форумдун башкы демөөрчүлөрү: О! Мобилдик оператору жана «Лаборатория Касперского».

«КИТ-2019» форуму «Санарип Кыргызстан 2019-2023» стратегиялык концепциясынын алдында өтөт.

 


Тизмеге кайтуу