О! мобилдик оператору өз абоненттери үчүн «Мобильник» кызматына акысыз кирүүнү ачты

14.07.2016

О! мобилдик оператору өз абоненттерине «Мобильник»  универсалдуу төлөм тутумуна акысыз кирүүнү сунуш кылат. Эми оператордун абоненттери товарларды жана кызматтарды бир заматта төлөө кызматын акысыз күнү-түнү колдоно алышат.  www.mobilnik.kg сайтына кирүүдө жана «МобильникДеньги» мобилдик тиркемесин колдонууда интернет-трафик тарифтештирилбейт.

«Бүгүнкү күнү электрондук чөнтөк каптар жана төлөм сервисттери интернет колдонуучулардын арасында чоң суроо-талапка ээ, себеби каалаган абонент ага ыңгайлуу убакта товарларды жана кызматтарды төлөөгө мүмкүндүк алат. Биз биздин абоненттерибиз аларга керек кызматтарды эркин колдоно алышын каалайбыз жана ушуга байланыштуу «Мобильник» тутумуна акысыз кирүүнү сунуштап жатабыз” – деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Мурда О! мобилдик оператору өз абонеттерине компаниянын расмий сайтына www.o.kg акысыз кирүүнү сунуш кылган.

Популярдуу «Мобильник» төлөм тутумун акысыз колдонгуу үчүн смартфонуңузга  тиркемени* орнотуңуз же компаниянын www.mobilnik.kg сайтына кириңиз. Шилтемелер боюнча башка веб-ресурстарга өткөндө тарифтештирүү абоненттин тарифтик планынын шарттарына жараша ишке ашырылат.

Компаниянын кызматтары жана продуктылары жөнүндө кенен маалыматты расмий сайттан www.o.kg билүүгө болот.

*Мобилдик тиркеме Android жана iOS операциондук тутумундагы смартфондор үчүн жеткиликтүү. 


Тизмеге кайтуу