О! балансты толтуруу үчүн комиссиянын жогорулаш себептери жөнүндө маалымат туура эмес экендигин билдирет.

31.12.2016

О! мобилдик оператору, анын ою боюнча, төлөм тутумдарындагы операторлордун О!нун абоненттерине балансты толтуруу үчүн комиссиянын өлчөмүн өзгөртүү үчүн эч кандай негиз жок деп эсептерин расмий түрдө билдирет.

 O! мобилдик оператору өз тарабынан 2017-жылдын 1-январынан тартып накталай төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн  төлөм тутумундагы операторлорго агенттик сыйлык акыларды өзгөртүү жүргүзгөн эмес жана ишти 2016-жылы иштеген шарттарда улантууну пландап жатат, бул жөнүндө компания  төлөм тутумундагы ар бир операторго расмий түрдө маалымдаган.

Ошентип, О!нун абоненттери үчүн 2017-жылдын 1-январынан тартып балансты толтуруу үчүн комиссиянын өзгөрүшү төлөм тутумундагы операторлордун өз билемдик демилгеси жана  эч кандай акылга сыярлык негиздерге ээ эмес. Демек, жалпыга маалымдоо каражаттарына төлөм тутумундагы операторлордун О! мобилдик операторунун иш-аракеттерине байланыштуу абоненттик комиссиянын жогорулаш себебин билдирген маалыматы туура эмес.

O! мобилдик оператору төлөм тутумундагы тараптар балансты толтуруу үчүн абоненттерге комиссиянын жогоруталышы менен такыр макул эмес жана бул кыймыл-аракеттер атаандаштык эмес жана дискриминациялык мүнөзгө ээ деп эсептейт, бул жөнүндө О! мобилдик оператору Төлөм операторлорунун дарегине жарыяланган ачык катта билдирген.

Ошентип, эгерде төлөөчүлөр үчүн комиссия жогорулаган болсо, бул төлөм тутумундагы операторлордун гана чечими болмокчу.

Мындай учурда «Нур Телеком» ЖЧК компаниясына (О! мобилдик оператору) өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун мыйзамдуу ыкмаларын колдонууга туура келет, себеби төлөм тутумундагы операторлордун бул чечими төлөм агенттери Кыргыз Республикасынын рыногундагы башка мобилдик операторлорго жана алардын абоненттерине көрсөткөн шарттарга салыштырганда дискриминациялык мүнөздө болгондугуна байланыштуу, компанияга олуттуу репутациялык жана экономикалык зыян алып келет.

О! мобилдик операторунун абоненттери мобилдик эсепти сатуу жана тейлөө кеңселеринен, төлөм карталарын колдонуп жана «Бишкекпочасы» бөлүмдөрүнөн акысыз толтура алышарын белгилейбиз. 


Тизмеге кайтуу