О! мобилдик оператору – түйүндүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын лидери
О! оператору 4G LTE түйүнүнүн өнүгүүсү боюнча ири мобилдик түйүн катары статусун тастыктай алды, О! технологиялык түйүнү калктын 99,8% бөлүгүн камтыйт.
Мындай маанилүү көрсөткүчтөргө техникалык жактан жетүү кыйын, себеби өлкөнүн 90%ын тоолуу рельеф түзөт. Ошентсе да, О! мобилдик түйүнү – Кыргызстан боюнча базалык станциялардын* саны жагынан өлкөнүн лидери. 2024-жылдын июль айынын аяк ченинде алардын саны 16 031 станцияны түздү. Калкты кең тилкелүү 4G LTE түйүнүнүн кызматтары менен рекорддук камтуусу, мобилдик операторлордун арасында эң чоң сыйымдуулугу менен өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн аркасынан түйүн бүгүнкү күндө 3,5 миллион абонентке сапаттуу интернет кызматтарын көрсөтө алат!
Өлкө аймагында түйүндү жакшыртуу багытында иштер күн сайын жүргүзүлүп турат. Компанияга ар кайсы калктуу пункттардын жашоочуларынан кошумча базалык станцияларды орнотуу өтүнүчү менен кайрылуулар үзгүлтүксүз келип түшөт. Мобилдик түйүндү өнүктүрүү жана калкты интернет менен камсыздоо санариптик экономиканы өнүктүрүүнүн драйверине айлануу менен, өлкөдөгү бардык бизнес-процесстерге таасир этүүдө. Алыскы аймактардын жашоочулары заманбап санариптик кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Ал эми бул, өз кезегинде, жарандардын жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө таасир этүүдө: аймактарда бизнес активдүү өнүгүп, ыкчам кызматтар менен байланыш жакшырып келе жатат, мектеп окуучулары дүйнө жүзүнүн билим берүү ресурстарын колдонуп, дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ болууда.
«Абоненттер тарабынан мобилдик интернет-трафиктин керектелиши жыл сайын өсүп жатат. Бул болсо, автоунаа сигнализациялары, акылдуу үй системалары, фитнес-трекерлер жана добуштук жардамчылар сыяктуу акылдуу түзүлүштөрдүн санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Абоненттер жогорку чечимдүүлүк менен видеолорду көп көрүүдө жана "нерселердин интернетинин" артыкчылыктарынан пайдаланууда. 21-кылымдын санариптик көндүмдөрү күнүмдүк жашообузду түп тамырынан өзгөрттү. Биз абоненттерибиз үчүн ыңгайлуу жана натыйжалуу санариптик экотутумду жаратууга гана эмес, ошол эле учурда аны ишенимдүү жана сапаттуу тейлөөгө кепилдик берүүгө дагы умтулабыз», – деп белгилейт О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.
Күн сайын Техникалык дирекциянын кызматкерлери жаңы базалык станцияларды орнотууга ылайыктуу локацияларды караштырып келишет, көрсөтүлгөн сервистердин сапатын жакшыртуу максатында учурда иштеп жаткандарын модернизациялашат. Компания технологиялар менен жаңы жабдууларга инвестиция жумшоо үчүн бюджетти кеңейтүүгө артыкчылык берет. Бүтүндөй бул факторлордун жыйындысы аркылуу О! түйүнү катары менен беш жылдан бери түйүндөрдүн бардык түрлөрүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча лидерлик позициясын сактап келе жатат. Алгачкы жолу мындай ийгилик О! мобилдик оператору өлкөнү 4G түйүнү менен жалпы улуттук камтууну ишке ашырган 2019-жылы орун алган. Ошол учурда Кыргызстан аталган көрсөткүч боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен лидерликке жеткен. Ийгиликке О! мобилдик оператору сапаттуу жабдууга ири көлөмдө инвестицияларды жумшоонун жана техникалык адистердин командасынын күжүрмөн эмгегинин натыйжасында жете алды.
Өткөн жылы эле 230дан ашуун жаңы байланыш объектиси курулуп, ишке киргизилсе, 1000ден ашуун объект модернизацияланды. Аткарылган иштердин эсебинен түйүндүн сыйымдуулугу былтыркы жылга салыштырганда үчтөн бир бөлүккө көбөйдү.
Кыргызстанда алгачкылардан болуп, мобилдик интернеттин 4G технологиясын ишке киргизген оператор катары О!, дайыма өзүнүн технологиялык жана инновациялык лидерлигин ырастоого умтулуп келет.
Камтуу картасын карап чыгуу жана өзүңүзгө ыңгайлуу тарифти тандоо үчүн o.kg сайтына баш багыңыз.
Эгерде суроолор пайда болсо, күнү-түнү иштеген Колдоо кызматына: https://wa.me/996705700700 же Telegram: @o_mobile_operator_bot, o.kg сайтынан онлайн-чатка, ошондой эле Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлөр аркылуу жазыңыз.
*Базалык станция — бөлүнгөн жыштыкта (жыштык ыйгарууда) иштөөнү камсыз кылуучу жабдуулардын комплекси.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МТБМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.