О! мобидик оператору– ийгиликтин 8-жылы

03.03.2017 О! мобилдик оператору бүгүн өз Туулган күнүн майрамдап жатат. 2009-жылдын 3-мартында түйүндү коммерциялык эксплуатацияга расмий ишке киргизүү болуп өткөн. Компания 8 жылда өз ишинде бир катар арзан тарифтик сунуштарды сунуш кылды, заманбап кызматтардын комплексин түздү жана өзүнүн миллиондогон абоненттерин убакыт менен жанаша кадам таштоо мүмкүндүгү менен камсыз кылды.

О! мобилдик оператору түйүн ичинде акысыз чалууларды, 4G-интернет, интернет-дүкөн, мобилдик телеберүү жана башка көптөгөн пайдалуу сервистерди ишке киргизген биринчи оператор болуп калды.

2016-жылдын аягында мобилдик байланыш түйүндөрүндө радио ченемдерди оптималдаштыруу  боюнча профессионалдык кызмат көрсөтүүлөр менен адистештирилген DMTel компаниясынын эксперттери Бишкек шаарындагы добуштук сервистин жана маалыматтарды берүү сервисинин сапатына арналган изилдөө жүргүздү. Негизги мүнөздөмөлөрдү тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча   О! мобилдик операторунун түйүнү мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөттү.

Бүгүн компания өлкөдөгү мобилдик байланыштын алдыңкы операторунун позциянын ээлеп турат жана өзүнө Кыргызстандын телекоммуникация тармагынын новаторунун позициясын бекитти. О! жасагандын баардыгы алдыңкы технологияларга жана кыргызстандыктар үчүн кызматтардын жана тарифтердин максималдуу жеткиликтүүлүгүнө багытталган.

Тарифтер жана кызматтар

Акыркы жылы О! мобилдик оператору өз абоненттерине бир катар «О!го которул» жаңы арзан тарифтер планын сунуш кылды, ага смартфондун заманбап колдонуучусу үчүн керектүүнүн баары -  чексиз мобилдик интернет, О! түйүн ичинде да, өлкөнүн башка мобилдик операторлоруна да акысыз чалуулар, ошондой эле сүйүктүү телеберүүлөрдү 130 телеканалда көрүү мүмкүндүлүгү киргизилген.

Олуттуу өзгөрүүлөр «Сенин күнүмдүк нөлүң» популярдуу сунушунун чегинде да болду.  Түйүн ичинде сүйлөшүү жана билдирүүлөрдү алып-беришүү мүмкүндүгүнөн тышкары, кошумча күнүмдүк бонус болуп интернет-топтому саналат, ал бул тарифти мурункудан да жагымдуу кылды.

2016-жылдын аягында таптакыр жаңы кызмат - О!TV мобилдик телеберүү пайда болду. Эми ата мекендик, россиялык жана чет элдик телеканалдарды каалаган түзүлүштөн - смартфондон, планшеттен же компьютерден көрүүгө болот. Ал үчүн  «О!го которул» тарифтеринин жаңы тизмегинен бир тарифти же O!TV кызматын кошууга жетиштүү. O!TV-дан ТВ-каналдарды көрүүдө интернет-трафик О! түйүнүндө тарифтештирилбейт. О!TV мобилдик тиркемесин PlayMarket жана AppStore маркеттеринен жүктөөгө болот.

Оператордун акыркы сунуштарынын дагы  бири -  өлкөнүн аймактарындагы абоненттер үчүн атайын иштелип чыккан тариф «Алга Интернет + O!TV». Анын чегинде мобилдик интернет Мбит/с чейинки ылдамдыкта интернет-трафикти чектөөсүз берилет жана каалаган табиттеги 130 ТВ-канал 30 күнгө болгону 750 сом.

О!нун абоненттери сапаттуу байланышты, жеткиликтүү жана арзан кызматтарды гана колдонбостон, ар кандай акцияларга жана жагымдуу ойнотууларга катыша да алышат. Акыркы жылы гана О!нун 100 кардары iPhone смартфонунун, 50 – Huawei смартфонун жана 60 абонент - 4G Wi-Fi Wingle-дин бактылуу ээлери болуп калышты. Анан дагы жакында жаңы Toyota Land Cruiser Prado-нун кожоюуну аныкталат.

Биздин өлкөнүн телекоммуникация рыногунда О! мобилдик операторунун пайда болушу менен байланыш инновациялык технологияларды өнүктүрүүнүн эсебинен гана эмес, тарифтердин жана кызматтардын баа саясатыннын стратегиясын акырындык менен ишке ашыруунун эсебинен да мурункуга караганда жеткиликтүү болуп калгандыгын белгилей кетүү керек. Мисалы, 1 Мб интернет-трафиктин баасы чексиз интернет сунуштарын киргизүүнүн натыйжасында 8 жыл ичинде 65 эсеге арзандады.

Сегиз жыл бою О! мобилдик оператору өзүн кардарлардын муктаждыгына багыт жасоо менен,  заманбап кызматтарга жол ачкан мобилдик байланыштын ишенимдүү оператору катарында көрсөттү. Мисалга, абоненттерди тейлөөнүн биринчи күндөрүндө эле компания «Номер тандоо» кызматын сунуш кылды. О! түйүнүнүн каалаган абоненттинде өз телефон номерин каалаган башка номерге өз алдынча алмаштырып алуу мүмкүндүгү бар болчу.

Жогорку ылдамдыктагы 4G-интернет жана түйүндү өнүктүрүү

О!  баарлашуунун жана билим алуунун эң маанилүү инструменти болуп калган интернеттин жеткиликтүүлүгүнө артыкча көңүл бурат. 2014-жылы эле О! мобилдик оператору Кыргызстандын мобилдик байланыш операторлорунан биринчи болуп бүгүнкү күндөгү мобилдик интернеттин эң жогорку ылдамдыктагы технологияларынын бирин - 4G колдонуу мүмкүндүгүн сунуштаган.

Абоненттер колдонуп жаткан интернет-трафиктин көлөмү күн сайын өсүүдө   жана бул – баалардын жеткиликтүүлүгүнүн мыкты көрсөткүчү. Интернетти активдүү колдонуучулар үчүн чексиз интернет сунуштарын тартуулады. Алгачкы жолу рынокко ыңгайлуу жана чакан 4G-түзүлүштөр келип түштү. Мисалга, 4G Wi-Fi Wingle – модем жана Wi-Fi модуль бир корпуста,  ал бир нече түзүлүшкө 4G-интернет таратат жана каалаган USB-порттон иштейт.

Бүгүнкү күнү төртүнчү муундагы түйүндүн мүмкүндүктөрүн шаарлардын жана өлкөнүн аймактарынын жашоочулары активдүү колдонуп жатышат. Бул жыйынтыктар өз инфраструктураны активдүү куруунун, ошондой эле жабдыктарды улам жаңылап туруунун натыйжасында мүмкүн болду. Ушул жылдын башынан тартып бүткүл Кыргызстан боюнча 150 жаңы база станциясы пайдаланууга киргизилди.

О!нун кеңселери дайыма жакын

Бүгүн О!нун бүткүл өлкө боюнча 66 ашык сатуу жана тейлөө кеңсеси иштейт. Өз кеңселерибиздин чекене сатуу тармагы компаниянын кардарларын максималдуу ылдам тейлөө үчүн мүмкүндүк берет. О! мобилдик оператору балансты комиссиясыз толтуруу мүмкүндүктөрүн кеңейтүүгө көңүл бурат. Азыркы учурда О!нун кардарлары балансты комиссиясыз «Оптима Банктын» 125 терминалынан, «Бишкек Почтасынан» же электрондук капчыктарды колдонуу менен, дароо толтуруучу интернет-банкинг аркылуу толуктай алышат.

shop.o.kg интернет-дүкөнү жана   O!Store дүкөңдөрү

Өз абоненттерине максималдуу ыңгайлуулук берүүнү максат кылуу менен, О! биринчи болуп телеком-рынокто өзүнүн shop.o.kg интернет-дүкөнүнүн ишке киргизди. Абоненттерде гаджеттерди төлөө мөөнөтүн узартуу менен сатып алуу, пайдалуу акцияларга катышуу жана сатып алууларды  үйдөн чыкпастан жасоого мүмкүндүктөрү бар.

Мындан тышкары, 2016-жылы борбор шаарда жана Ошто беш O!Store дүкөнү ачылды. Дүкөндүн ассортиментинде - Apple, Samsung, Xiaomi, LG, Lenovo, Asus сыяктуу бир катар смартфондор  жана башка белгилүү өндүрүүчүлөр, ошондой эле фирмалык аксессуарлардын чоң тандамы сунушталган. Дүкөндөрдөн О! мобилдик операторунан фирмалык 4G-түзүлүштөрдү сатып алууга болот.

Бюджети чектелген сатып алуучулар үчүн компания смартфон сатып алууну узак айларга калтырбастан, «Келишим боюнча смартфон» сунушун колдонуу менен мобилдик байланышка бир топ үнөмдөөгө мүмкүндүк берди. Эми смартфондордун популярдуу моделдерин төлөө мөөнөтүн 12 айга узартуу менен жеткиликтүү шарттар боюнча сатып алууга болот. Мында ар бир айдын төлөмүнүн өлчөмү акысыз мүнөттөр топтомунун жана чексиз интернеттин баасына кошулган.

8 жыл бирге!

Ушул жылдардын ичинде О! мобилдик операторунун түйүнү миллондогон адамдарды байланыштырды, миллиарддаган маселелерди чечүүгө жардам берди, кайсыл жакта зарыл болсо, ошол жакта болду, каалаган маалыматты интернеттен саналуу секундаларда таап чыгуу үчүн ушунча ылдам жана тез болду.

О! мобилдик оператору өз абоненттерине алардын тандоосу жана ишенгендиги үчүн ыраазычылык билдирет. Компания алдына чечкиндүү милдеттерди коет жана аларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ишенимдүү кадам таштайт. О!нун командасы Кыргызстандын жашоочуларына сапаттуу байланыш кызматтарын көрсөтүүнү жана баарлашуудан кубаныч тартуулоону улантуу менен, абоненттерге эң инновациялык чечимдерди сунуш кылуу үчүн иштейт берет.

Тизмеге кайтуу