О! операторунун мобилдик интернети Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында мурдагыдан да ылдамыраак болуп калды!

12.01.2018

Түйүндү активдүү түрдө модернизациялоону улантуу менен бирге, О! Мобилдик оператору 3G/4G мобилдик Интернеттин ылдамдыгы кеңейтилген жана байланыш сапаты жакшыртылган жаңы шаарлар жана кыштактар тууралуу маалымат берип келет.

«Азыркы күндө ылдам Интернетке болгон талап мурункудан да жогору болуп калды. Былтыркы жыл менен салыштырганда биз мобилдик трафиктин үч эсеге өскөнүн көрүп жатабыз – түрдүү курактагы көптөгөн кыргызстандыктар жашаган районуна карабастан, облустук борбордон узак болушса дагы социалдык тармактарды, мессенжерлерди активдүү өздөштүрүп жатышат. Ошого жараша пайдалануучулардын Интернеттин ылдамдыгына да талаптары өсүүдө. Бул талаптарга колубуздан келишинче татыктуу болууга аракет  жасап жатабыз. Былтыркы абалга салыштырмалуу  4G базалык станциялардын саны эки эсеге өстү, ал эми өлкө боюнча базалык станциялардын сыйымдуулугу дээрлик 2,5 эсеге кеңейтилди. Мындан кийин – мындан да көп ийгиликтер күтөт», - деп ишендирди О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

О! Мобилдик операторунун техникалык бригадаларынын сыйымдуулукту кеңейтүү жана түйүнгө камтуу боюнча активдүү иштери жүргүзүлгөн шаарлар жана айылдар:

Ысык-Көл облусу: Чолпон-Ата шаарында, Пристань шаар тибиндеги кыштакта, Корумду, Чок-Тал, Маман, Үч-Кайнар, Отузуул, Кереге-Таш, Ак-Өлөң, Бар-Булак, Тогуз-Булак, Ысык-Көл, Тепке, Курбу, Ичке-Жергез, Жаңы-Арык, Ак-Өстөн, Мундуз, Ак-Дөбө, Тилекман, Жети-Өгүз, Липенка, Алкым (мурунку Кызыл-Дыйкан), Конкино (мурунку Калиновка), Ырдык, Комсомольское, Туура-Суу, Тогуз-Булак, Көк-Сай, Комсомол, Бөкөнбаев, Коңур-Өлөң, Колтөр, Дөң-Талаа, Большевик (Эшперев), Фрунзе, Беловодское, Жылуу-Булак, Чоң-Таш, Балбай (Сары-Булак), Түп (мурунку Луговое), Корумду, Чоң-Таш, Көөчү, Песчаный, Ынтымак (Приозерный), Сары-Дөбө, Бирлик, Долон айылдарында.

Нарын облусу: Жылан-Арык, Үгүт, Ак-Кыя, Көк-Жар, Коңорчок (мурунку Чолок-Кайың), Кара-Булуң, Таш-Дөбө, Кардыжарык, Чоң-Дөбө, «Кара-Кече» көмүр кенинде, Чекилдек, Ак-Жар, Ак-Талаа, Дөң-Алыш, Кара-Мойнок, Кара-Булуң, Комсомол, Кара-Күңгөй, Аракел, Оро-Башы, Туз, Достук, Эмгек-Талаа, Ак-Талаа, Доболу, Ак-Булуң, Таш-Башат, Кайыңды (Калинин атындагы), Эки-Нарын, Таш-Булак, Жан-Булак, Бирлик, Он-Арча, Эчки-Башы, Кызыл-Жылдыз, Жалгыз-Терек, Бас-Кыя айылдарында.

Талас облусу: Талас шаарында, Кызыл-Октябрь, Көк-Таш, Кара-Суу, Ак-Сай, Бакай-Ата, Кызыл-Кыргызстан, Первомайское, Жон-Коргон, Балыкчы, Кара-Суу, Бейшеке, Жийде, Бакыян, Тамчы-Булак, Маймак, Куру-Маймак, Үч-Эмчек, Өрнөк, Өзгөрүш, Талды-Булак, Ак-Коргон айылдарында.

Чүй облусундагы О! түйүнүнүн өнүгүүсү боюнча кенен материал даярдалганча, 3G/4G байланышын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлгөн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын эки жүз калк жашаган пункттарына сиздин айылдын кирип кирбегендигин текшерип туруңуз. Түйүндүн жалпы камтуу аймагын толугу менен  бул жерден көрсө болот.


Тизмеге кайтуу