O!TV мобилдик тиркемеси - бүтүндөй кинотеатр сиздин смартфонуңузда!

19.05.2022

O!TV 200дөн ашык рейтингдик телеканалдарды мыкты сапатта интернет бар жерде – үйдө, жолдо же дачада  көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Аларды каалаган түзмөктөн  – смартфондон, планшеттен, ноутбуктан же Smart TV  платформасынан көрө аласыз.

200 + телеканал! O!TV бүт үй-бүлө үчүн:

Тасмалык: Amedia телеканалдарынын топтому, «Дом кино», «Кинопремьера», «Кинохит», «Киносемья», «Еврокино», «Киносвидание» ж. б.;

Балдар үчүн: Nickelodeon, Nick Jr, Cartoon, «Детский мир», «В гостях у сказки»  күнү-түнү сиздин бөбөктөрүңүзгө мультфильмдерди жана сериалдарды көрсөтөт;

Спорттук: QSport, QSport Arena, Eurosport, Setanta Sport, Viasat Sport, КТРК Спорт, Матч! Планета, Бокс ТВ, MMA-TV, АвтоПлюс, Драйв, KHL жана башкалар.

Таанып-билүү үчүн: Discovery, Animal Planet, National Geographic, Nat Geo Wild, Fox Life;

Ошондой эле жаңылык, тарыхый жана ар кандай башкалар табитке жараша!

Мультискрин:

Үй-бүлөдө бир гана O!TV аккаунтунун болуусу жетиштүү!(бир логин жана сыр сөз), сервис менен бир эле учурда үй-бүлөнүн 3 мүчөсү ар кандай түзмөктөрдөн  мультискрин функциясы аркылуу колдоно алышат.

Сиз сүйүктүү берүүлөрдү өткөрүп жибербейсиз:

Тиркемеде эки күн үчүн программалардын архиви жеткиликтүү, андыктан эфирди өткөрүп жиберүү коркунучтуу эмес. Берүүнү каалаган убакта тыныгууга коюп, кийинчерээк көрө аласыз.

Кызыктуу контенттин ар түрдүүлүгү:

O!TV - бул телекөрсөтүүлөр гана эмес, популярдуу кинотеатрлардын миңдеген каталогуна жеткиликтүүлүк: О!Кино (MEGOGO), START, AMEDIATEKA.

Туташуу үчүн топтомдор:

О! абоненттери үчүн телеканалдарды көрүүдө интернет-трафик акысыз, ал эми ар кандай топтомдор тандап алуу үчүн жеткиликтүү:

· 40 ТВ-канал суткасына 3 сомго «O!TV Базовый» пакетинде. Кошуу буйрутмасы *750*1#;

· 100 ТВ-канал суткасына 5 сомго «O!TV Стандарт» пакетинде. Кошуу буйрутмасы *750*2#;

· 200дөн ашык кызыктуу жана рейтингдүү ТВ-каналдар күнүнө болгону 7 сомго «O!TV Премиум" пакетинде. Кошуу буйрутмасы *750*3#.

Ошондой эле керектүү ТВ-каналдардын топтомун "Мой О!» тиркемесинде кошуп алса болот.

O!TV колдонмосун бул шилтемелер аркылуу:  PlayMarket же AppStore жүктөп алыңыз.

Бардык маалыматтар otv.kg сайтында. Суроолор барбы? 750 телефонуна чалыңыз (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз!) жана 0705 700 700 (башка операторлордун абоненттери үчүн).

O!TV - телекөрсөтүүгө жаңы көз караш!

МТжБМК караштуу МБА №16-0062-КР, №16-0063-КР лиц. ТВ каналдарды, мазмунун жана контентти O!TV кызматынын алкагында "Диас ТВ"ЖЧКсы берет.

Тизмеге кайтуу