О!дон 4G Wi-Fi Wingle сатып алганда бир ай чексиз интернет

15.08.2016

О! мобилдик оператору сонун функционалдуу түзүлүштү - 4G Wi-Fi Wingle-ди пайдалуу шарттарда сатып алуу мүмкүндүгү жөнүндө маалымдайт. Эми, акциянын чегинде компаниянын абонеттери Wingle.  сатып алганда, бир айга чексиз интернет белекке алышат. Акция боюнча түзүлүштүн баасы - 2 390 сом.

«Өлкөдө 4G түйүнүн өнүктүрүү боюнча жумуш дайыма жүргүзүлүп жатат, буга жараша абонеттерде мобилдик интернеттин бардык мүмкүндүктөрүн каалаган жерде ыңгайлуу колдонууга мүмкүндүк берген түзүлүштөргө болгон муктаждык да өсүп жатат. Жеңил жана чакан Wingle-ди пайдалуу шарттарда сатып алып, О!дон 4G-интернетти Wi-Fi көтөрө алган каалаган мобилдик түзүлүштө: планшетте, смартфондо, ноутбукта, SmartTV функциясы бар телевизордо, ойноочу консолдо же дароо бардык түзүлүштөрдө колдонуңуз! Функционалдуу түзүлүш сатып алганда, сиз бир айга чексиз интернет белекке аларыңызды эске салабыз», – деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Wingle –  модемдин өзүндө Wi-Fi модулу бар уникалдуу көп функционалдуу түзүлүш. Иштөө үчүн атайын программалык камсыздоону орнотуу талап кылынбайт, каалаган USB-портко түзүлүштү туташтыруу гана жетиштүү. Wingle бүткүл Кыргызстан боюнча О! түйүнү камтыган аймакта иштейт, мында түзүлүш автоматтык түрдө жеткиликтүү 2G/3G/4G түйүндөр арасында которулуп турат. 

Акция бүткүл өлкөнүн аймагында жүрөт. Түзүлүштөрдү акция боюнча О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселеринде, O!Store дүкөндөрүндө же Бишкек шаары боюнча акысыз жеткирүүчү shop.o.kg интернет-дүкөнүнөн сатып алууга болот.

О! мобилдик оператору – дароо азыр кошул!


Тизмеге кайтуу