О! мобилдик операторунун күнү-түнү онлайн-колдоосу Viber-де

01.11.2016

О! мобилдик оператору популярдуу Viberмессенджеринде паблик-аккаунт ишке киргизди. Жаңы платформа аркылуу компания мессенджердин аудиториясы менен – ал дүйнөдө  800 млн жана Кыргызстанда  500 миңден ашык колдонуучу  менен ачык өз ара аракеттене алат.

Акысыз сервис бүгүнкү күндөн тартып жеткиликтүү. Онлайн-кеңеш алууга кайрылган каалаган колдонуучу  болгону бир нече мүнөттүн ичинде маселесин тез чече алат. Мындан тышкары оператордун паблик-аккаунтуна жазылуучулар биринчилерден болуп акциялар, жаңылыктар жана актуалдуу бош кызмат орундары жөнүндө билип турушат.

«Мессенджерлердин популярдуулугу болуп көрбөгөндөй темп менен өсүп жатат. Бир жума мурун Viber паблик-аккаунттардын жаңы бизнес-функциясын сунуш кылды, ал компаниялар үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү ачат – эми өз кардарлар менен коммуникация жүргүзүүгө болот. Биз өз кезегибизде биринчилерден болуп О!нун расмий паблик-аккаунтун ишке киргиздик. Биздин адистер каалаган убакта сиздерге кеңеш беришет. Окуялардын борборунда болуңуз же өз ой-пикириңизди билдириңиз – бул үчүн  О! мобилдик операторунун паблик-аккаунтуна жазылуу жетиштүү. Биз дайыма байланыштабыз!», – деп белгиледи кардарларды тейлөө боюнча дирекциянын жетекчиси Игорь Панасенко.

Viber-де О! мобилдик операторуна жазылуу үчүн тиркеменин төмөнкү бөлүктөгү интерфейсинин тийиштүү баскычты - «Мобильный оператор О!» паблик-аккаунтунун аталышын басуу керек же http://chats.viber.com/okgmobile шилтемеден өтүү керек.

О!нун абоненттери www.o.kg сайтынан онлайн-чаттын жардамы аркылуу тез кеңеш ала алышат. Ошондой эле компаниянын Facebook«Одноклассники»Instagram жана Twitter расмий барактарында кардарларды колдоо кызматы иштейт.

*Viber –  коммуникациялардын универсалдуу каражаттар чөйрөсүндө лидерлердин бири. Viber тиркемесин бардык актуалдуу платформаларда, анын ичинде AndroidiOSWindowsOS XWindows Phone и Symbian жеткиликтүү. 


Тизмеге кайтуу