КИТ-2019. Тиркеме панацея эмес, бирок заманбап балдарды тарбиялоодо мыкты жардамчы
Муундардын кагылышы ар дайым болуп келген, ал эми азыр ал кагылыш мурунку учурлардан да бир кыйла курчураак болушу мүмкүн.
Эки миңинчи жылдардын балдары дүйнө жүзүндөгү интернетсиз жашоону билбеген алгачкы кишилерден болуп саналат. Чоңдор болсо жаңы турмушка ынгайлашып алышат, анын үстүнө аларда бул үчүн кандайдыр бир турмуштук тажрыйба жана эрк бар.
Биздин балдар бул жаңы чындыкта жарык дүйнөгө келишти жана мурун кантип адамзат интернетсиз жашагандыгын элестете алышпайт. Мобилдик байланышсыз мезгилдерди алар тарыхка чейинки доор деп эсептешет.
Балдардын бузулган психикасынын жоопкерчилиги смартфондордо эмес, гаджетке үй-бүлөнүн башчысынын ордун ээлегенге мүмкүнчүлүк берген чоңдордо жана ата-энелерде экендигин туура түшүнүбүз керек.
Эксперттердин айтымында, гаджеттер менен толугу менен алектенүү өспүрүмдөрдүн окуусунун сапатын гана төмөндөстөн, алардын маанайына жана психикалык абалына да таасирин тийгизет. Мындай изилдөөлөр мезгил мезгили менен жүргүзүлуп турат жана алардын бардыгынын натыйжалары бирдей: смартфонсуз калган окуучулар куса болушат, эмне кыларын жана өздөрүн эмне менен алек кылууну билишпейт.
«Биз баарыбыз масштабдуу санариптетирүүнү сезип жатабыз. Ата-энелерде дагы, Кыргызстандын балдарында дагы мындай глобалдуу процесстердин сыртында калуу мүмкүнчүлүгү жок, – деп О! Мобилдик операторунун өнүмдөрү боюнча директору Юрий Челбаков. – Биз муну абдан туура түшүнөбүз жана көптөн бери кантип жардам берүүнү ойлонуп келгенбиз. Анан, таптык көрүнөт! Биздин мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен O! Safe Kids тиркемесин түздүк. Панацея эмес, бирок заманбап балдарды тарбиялоодо эффективдүү жардамчы».
Бир жагынан өлкөнүн алдыңкы мобилдик операторунун смартфондорду колдонууну чектеген тиркемени чыгаргандыгы жана «Переходи на О! + O! Safe Kids» тарифтеринде бул тиркемени акысыз сунуштап жаткандыгы кызыктуудай көрүнөт.
Эмне үчүн деп сурашыңыз мүмкүн?
«Эгер бул абалга глобалдуу түрдө карай турган болсок, коммерциялык уюмбу, же катардагы жаранбы экономикалык жана коомдук байланыштардын бардык катышуучусу ар дайым өлкөнүн калкынын мыкты физикалык жана психологиялык саламатчылыгына кызыкдар. Балдарыбыздын сапаттуу тарбиясына жаан билим алуусуна кызыкдар. Алардын катарында О! Мобилдик оператору дагы бар, – деди Ю.Челбаков. – Бираз убакыт өткөн соң, алар өлкөнү башкарышат жана маанилүү чечимдерди кабыл алышат. Келгиле, алардын мыкты болууларына бирге жардам берели!» – деп сөзүн бүтүрдү О! Мобилдик операторунун өкүлү.