КИТ-2019. «Мамлекет платформа катары» санариптик концепти «Мой О!» тиркемесине интеграцияланды

24.09.2019

О! Мобилдик оператору  «КИТ-2019» маалыматтык технологиялардын VII Кыргызстандык форумунун алкагында мамлекеттик кызматтарды алуу жана алар үчүн тѳлѳмдѳрдү ишке ашыруу   мүмкүнчүлүгүн камтыган «Мой О!» тиркемесинин жаӊы версиясын сунуштады. «Мамлекет платформа катары» инновациялык концептинин тиркемеде жүзѳгѳ ашырылышы «Мой О!» колдонуучуларына электрондук мамлекеттик кызматтардын спектринен пайдаланууга жана тийиштүү тѳлѳмдѳрдү аткарууга мүмкүндүк берет. Бул болсо, ѳлкѳнүн санарип коомун түзүүгѳ жана бекемдѳѳгѳ кѳмѳк кѳрсѳтѳт.  

Бүгүнкү күндѳ «Мой О!» тиркемесинин колдонуучулары ЖКЭ бузууларды текшерип, айып пулду тѳлѳй алышат. Жаӊы айыптар тууралуу билдирүүлѳрдү алып туруу үчүн автоунаа тууралуу маалыматтарды киргизип коюп, эреже бузуулардын деталдары менен сүрѳттѳрүн карап, 2 жолу басуу аркылуу айып пулду 15 күндүн ичинде 50% арзандатуу менен тѳлѳп коюуга болот.

Жакынкы күндѳрү чыга турган «Мой О!» тиркемесинин жаӊы версиясында тѳмѳнкү мамлекеттик кызматтар орун алган:

  • Катталган унаалардын санын текшерүү мүмкүндүгүн берген автоунаа регистри;

  • Дипломдор менен аттестаттардын аныктыгын текшерүү;

  • Паспорттук берилмелер жѳнүндѳ маалыматтарды текшерүү;

  • Үй-бүлѳлүк абалды текшерүү.

Жылдын аягына чейин 100дѳн ашык мамлекеттик кызматты киргизүү пландалууда.

«Мой О!» - бул «О!Деньги» электрондук капчыгы менен О! абонентинин жеке кабинетин бир тиркеменин ичине алган бирдиктүү экотутум экендигин эскерте кетели.

Учурда тиркемени О! операторунун жарым миллионго жакын абоненти орнотуп алды.   AppStore жана Google Play тиркемелеринен жүктѳп алыӊыз.

Форумдун уюштуруучулары: «Интернет-саясаттын жарандык демилгеси» коомдук фонду, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (МТБМК), Билим берүү жана илим министрлиги жана Жогорку технологиялардын паркы. Форумдун башкы ѳнѳктѳштѳрү: МТБМК «Digital CASA-Кыргыз Республикасы» долбоору жана Кыргыз-түрк «Манас» университети. Форумдун башкы демѳѳрчүлѳрү: О! Мобилдик оператору жана «Касперский лабораториясы».

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмегинин алкагында кѳрсѳтүлѳт. КРУБ № 2021030817, 3022030817 лицензиялары.

 

 

 

 

 


Тизмеге кайтуу