Honor 10i смартфонун кантип утуп алууга болот?

14.10.2019

Стилдүү Honor 10i смартфонун утуп алуу мүмкүнчүлүгү ар бир кишиде бар! Буга жетүү үчүн болгону – “Мой О!” тиркемесин орнотуу, “О!Деньги” капчыгын колдонуу жана «Мой О! – күн сайын смартфон» лотереясында ийгиликке жетүү керек.

Мурунку аптада лотереянын алкагында смартфондор алгачкы жолу ойнотулду. Утуштуу билеттер кокустук сандардын генераторунун жардамы менен көз карандысыз комиссиянын катышуусу менен аныкталды.

Алгачкы жеңүүчүлөрдүн арасында “Мой О!” тиркемесинин тажрыйбалуу колдонуучулары менен бирге тиркемени жаңы эле орнотуп алгандар да бар.

««О!Деньги» капчыгы менен ал пайда болору менен колдоно баштагам. Ага окшош өнүмдөрдүн баарын салыштырып көргөм жана мен үчүн бул тиркеме эң ыңгайлуу болуп чыкты. Тиркемени колдонууну адатка айландырып алгам. Мен кадимкидей эле, кызматтарды төлөп жүргөм, кийин билсем, бул аракеттерим үчүн билеттер эсептелип жатыптыр. Мен үчүн бул күтүүсүз жаңылык болду», – деп жеңүүчүлөрдүн бири Азат Уметов өз ою менен бөлүштү.

Ал эми Назира Молдокулова “Мой О!” тиркемесин жакында эле орнотуп алган, эми тиркемени колдонууну жаңы утуп алган смартфонунда улантмакчы.

Лотереялык билеттер тиркемеге катталуу жана идентификациядан өтүү, банктык картаны кошуу, капчыкты толуктоо, O!Store дүкөндөрүнөн Honor смартфондорду сатып алуу жана албетте “О!Деньги” капчыгы аркылуу кызматтарды төлөө үчүн эсептелинет.

Мираида Талипова үчүн капчыкка банктык картасын кошкондо эсептелинген билет бактылуу болуп чыкты:

«Менин «Мой О!» тиркемесиндеги сүйүктүү функциям – банктык карталарды кошуу жана колдонуу мүмкүнчүлүгү. Мен ыңгайлуу болгондуктан, банктык картаны тез-тез колдоном. Жакында эле картамды жоготуп алгам, жаңысы колума тиери менен аны тиркемеге дароо кошуп алдым. Бул аракетим үчүн мага 10 лотереялык билет эсептелиптир, алардын ичинен бирөө утуштуу болду».

Дагы бир жеңүүчү Вячеслав Мокрополов коммуналдык кызматтарды ийгиликтүү төлөгөн:

«Күндүн кайсы учуру болбосун керектүү кызматтарды төлөп алуу абдан ыңгайлуу. Ойнотуулар жөнүндө уккандан кийин төлөй баштадым. Эсеп-дүмүрчөктөрдү төлөдүм – лотереялык билеттерди алдым жана смартфон утуп алдым. Жолум болду!», – деди Вячеслав.   

Алдыда дагы 8 ойнотуу жана 53 смартфон күтүп жатат! «Мой О!» тиркемеси менен колдонуңуз жана өзүңүздүн Honor 10i смартфонун утуп алуу мүмкүнчүлүгүн өткөрүп жибербеңиз!

Кийинки аптадагы жети смартфонду ойнотуу эртең эле 15-октябрда болот.

Толук маалымат udacha.o.kg сайтында.

Расмий өнөктөш — Honor.

Мамлекеттик каржы көзөмөлүнүн уруксаты: № 134, 30.09.2019. Лотереяны өткөрүү мөөнөтү: 01.10.2019 - 03.12.2019. Бардык смартфондор тастыкталган. «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: № 2021030817, № 3022030817.


Тизмеге кайтуу