Тилегиңиздеги смартфонду кантип тандоо керек? SHOP.O.KG-ден пайдалуу кеңештер

17.07.2017

Заманбап смартфондор күнүмдүк жашообузда башкы жардамчыбыз болуп калды. Алар кандай гана маселелерди чечишпейт?! Смартфон бизди бардык иште: жумушта, окууда, айдоочулукта, эс алууда коштоп жүрөт жана керек болсо, балдарды тарбиялоо  жана өнүктүрүү үчүн анын жардамына кайрылабыз. SHOP.O.KG Интернет-дүкөн сиздин бардык керектөөңүздү канаттандырчу смартфон тандоого жардам берет.

Башкысы – сизге ылайыктуу операциондук тутумду:  iOS же Android аныкташыңыз керек. iOS базасында Apple компаниясынын техникасы гана иштейт (iPhone, iPad, iPod). «Ай» муунунан турган продукциянын ээси болуу менен, сиз  чагып кирүүдөн максималдуу корголгон сапаттуу түзүлүштөрдү аласыз, бирок тандамы аз жана гаджеттин баасы болушунча жогору. Android тутуму Google-га таандык жана каалаган бюджетке жана муктаждыкка жараша смартфондордун чоң ассортиментин сунуштайт. Бул операциондук тутум тууралоолордун максималдуу ийкемдүүлүгүн жана смартфонду файлдарды алып жүрүүчү катарында колдонуу мүмкүндүгүн сунуш кылат. Телефондун өлчөмү: чоң смартфондорду, балким, эки кол менен башкаруу талап кылышы мүмкүндүгүн эске алыңыз. SIM-карта үчүн сизге канча слот керек: экинчи слот түзүлүштүн эстутумун microSD форматындагы карта менен көбөйтүү үчүн керек болот. Баса, айфон смартфондору бир сим карталуу экендигин эске алыңыз. Төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө да: процессорго, оперативдүү жана кошумча эстутумунун көлөмүнө (канча көп болсо, ошончо жакшы, камерага, аккумулятордун көлөмүнө (андан смартфондун автономдуулугу көз каранды - мА*ч канчалык көп болсо, заряды узак болот) жана сөзсүз кепилдигинин бар экендигине көңүл буруңуз.

Shop.o.kg сайт кириңиз, керектүү бөлүм тандаңыз, мисалы, «Мобильные телефоны». Тандоо критерийин киргизиңиз:

  • суммасын орнотуңуз, андан ашык сарптоону каалабасаңыз;

  • өндүрүүчүнүн  маркасын (дароо бир нечени тандаса болот);

  • диагональ (андан  телефондун көлөмү көз каранды);

  • камеранын параметрлери (негизги, фронталдык);

  • өңү (22 түрү);

  • эстутум (тандамга 9 опция).

Сизге ыңгайлуу болуш үчүн shop.o.kg сайтында жаккан товарды «Избранное» кошсоңуз болот. Бул жазма китепчеси сыяктуу, ал аркылуу сиз кийин аны бат таба аласыз. Ошондой эле «К сравнению» функциясы да бар. Бул эмне дегенди билдирет? Элестетсеңиз, сиз телефондун 2-3 моделин тандадыңыз, бирок дагы эле билбей жатасыз – «К сравнению» функциясы сиздин алдыңызга товарлардын мүнөздөмөлөрүнүн салыштырма таблицасын ачып берет жана тандалган смартфондондордун артыкчылыктарын жана кемчиликтерин көз көрүнөө көрсөтөт. Жана да сайтта онлайн кеңеш берүүчүлөр бар, алар сизге кеңеш айтып, тандоо жасоого жардам берет.

Тилегиңиздеги смартфонду тандадыңызбы? «Купить в 1 клик» баскычын басыңыз.

Кыргызстандыктардын эң популярдуу смартфондорунун рейтингин бул жерден караңыз.


Тизмеге кайтуу