Мектеп окуучусу үчүн смартфонду кантип тандаса болот жана кайсы жерден алган оӊ

25.08.2021

ostore.kg интернет-дүкѳнү мектепте окуган балдарыӊыз үчүн башкы талаптарга жооп бере турган 5 вариантты тандап чыкты:

Балдар үчүн жакшы смартфон ѳтѳ кымбат болбоого, соккуларга туруштук берүүгѳ жана тез иштѳѳгѳ тийиш. Телефон туруктуу иштеп, заряды кѳпкѳ жетиши керек, антпесе, бала ылайыксыз учурда байланышы жок калышы мүмкүн. Кѳӊүлүӊүзгѳ жаккан вариантты тандап, балаӊызды сапаттуу девайс менен кубантыӊыз.

  • Xiaomi Redmi 9A – мыкты ѳндүрүмдүүлүккѳ ээ cмартфон, бала оюн ойногонду жактырат, дайыма сүрѳткѳ тартат жана социалдык тармактарда кѳп отурат эмеспи. Окуу жана кѳӊүл ачуу үчүн телефондун экраны чоӊ, 32 ГБ мыкты эстутум, жасалма интеллект менен 13 мегапикселдик негизги камера. Баасы – 9700 сом.

  • Samsung Galaxy A01 – ыӊгайлуу жана классикалык корпуска жаш колдонуучуну эӊ керектүү функционал менен туруктуу жана ишенимдүү камсыздоочу компоненттер батырылган. 13 Мп камера, кѳрүнүктүү дисплей. Сегиз ядролук жана 2 Гб оперативдик эстутум браузердин, навигациянын жай салмактуу жана туура иштѳѳсүнѳ, видеоконтентти комфорттуу кѳрүп чыгууга, ошондой эле билим берүү программаларынын адекваттуу иштѳѳсүнѳ жардам берет. Баасы – 8590 сом.

  • Realme C21 Y  – бул ири экран жана эӊ сонун ачык түстѳр. Ал кубаттуу сегиз ядролуу процессорго, 3 ГБ оперативдик жана 32 ГБ орнотулган эстутумга ээ. Баасы – 11500 сом.

  • Samsung Galaxy A02 2021 – мыкты камералары бар, балаӊызга анык жага турган сапаттуу, кооз, ыӊгайлуу жана тез иштеген смартфон. Баасы – 9490 сом.

  • Tecno Itel Vision 1 Pro – оюндар менен мультфильмдерди жакшы кѳргѳн балаӊыз үчүн идеалдуу смартфон. Чоӊ жана кѳрүнүктүү экран, мыкты аудиотутум, таза үн жана татыктуу ѳндүрүмдүүлүк. Баасы – 8500 сом.

Каалаган смартфонго 0 705 007 000 телефону боюнча ostore.kg интернет-дүкѳнүнѳн тапшырык берип, БЕЛЕККЕ +20 ГИГАБАЙТ интернет алыӊыз! Бишкек шаарынын ичинде жеткирүү акысыз. Смартфонду бѳлүп тѳлѳѳгѳ жолжоболоштуруу мүмкүн. Же болбосо O!Store дүкѳндѳрүнѳ келсеӊиз, консультанттар сизге тандоодо жардам беришет. Ѳлкѳ боюнча 100дѳн ашуун дүкѳндүн даректерин бул жерден таба аласыз: https://ostore.kg/about/contacts/

Товар тастыкталган, товардын саны чектелүү. Кредит «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан берилет. Банк кредит берүүдѳн баш тартууга укуктуу. «Дос-Кредобанк» ААК КР УБ № 037 лицензиясы.


Тизмеге кайтуу