Телефондун жардамы менен балдардын жүргѳн жерин кантип аныктаса болот?

13.04.2021

«Балдар кайда» — ата-эненин телефонунда баласынын жүргѳн жерин кѳрсѳтүп турган О! Мобилдик операторунун ыӊгайлуу кызматы. Кызмат балаӊыздын мектептен келип-келбегени, чыгармачылык ийримине барып-барбаганы жѳнүндѳ суроолоруӊузга жооп берет. Эгер сиз бир гана балдар эмес, ата-энеӊиз үчүн дагы кабатырлана турган болсоӊуз, анда камкордукка алынгандардын тизмесине дароо бир нече кишини киргизип коюӊуз. Кызматты кошуп алып, аны «Мой О!» тиркемесинен башкарыӊыз.

Эгер сиз баскычтуу телефон колдонсоӊуз, алгач *7898*8# буйрутмасын териӊиз. Андан ары менюдагы кѳрсѳтмѳлѳрдү аткарыӊыз.

Баланын жүргѳн жерин кантип аныктаса болот?

*7898*1# буйрутмасын териӊиз, ал дароо эле балаӊыздын кайда жүргѳнүн айтып берет. Бирок алгач менюдагы «Менин балдарым» пунктун тандап, балаӊыздын номерин киргизиӊиз. Андан кийин балаӊыздын телефонуна 7898 номеринен анын жүргѳн жерин аныктап туруу үчүн уруксат берүүгѳ сурам камтылган SMS келет.    Балаӊыз алынган SMS билдирүүдѳгү текстти киргизүү менен сурамга жооп берет. Бул иш-аракетти балаӊызга себебин алдын ала түшүндүрүп, аны менен бирге аткарыӊыз.

Баланын жана ата-эненин телефону кандай болууга тийиш?

Бала жана ата-энеде О! SIM-картасы бар эӊ жѳнѳкѳй мобилдик телефондун болуусу зарыл. Учурда жүргѳн жери кѳрсѳтүлгѳн SMS кѳчѳлѳрдүн аталышы менен карта түрүндѳ келет. Картаны ачуу үчүн интернет жеткиликтүү болушу керек.

«Кѳӊүл бургула, мен бул жердемин!» сигналын жѳнѳтүү

Камкордукка алган жакыныӊыздын телефонуна *7898*1# буйрутмасын тез терүү тизмесине сактап коюӊуз. Чукул кырдаалда саналуу секунданын ичинде керектүү баскычты басууга жетишет. Баланын учурда жүргѳн жерин кѳрсѳткѳн SMS дароо издѳѳ укугу берилген абоненттердин баарына жиберилет.

Алгачкы кошууда кызмат 10 күн акысыз кѳрсѳтүлѳт, андан ары абоненттик тѳлѳм суткасына 3 сомду түзүп, күнүнѳ 10 жолу акысыз издѳѳ сурамын жиберүү мүмкүндүгү берилет. Координаттар кѳрсѳтүлгѳн картаны карап чыгууда интернет-трафик тарифтештирилбейт. Кызмат жалпы Кыргызстан боюнча О! түйүнү камтылган кеӊири аймакта иштейт. Толук нускама o.kg сайтында жеткиликтүү.

О! Мобилдик операторунун «Балдар кайда» сервиси менен балдарыӊыздан санааӊыз тынч болсун.


Тизмеге кайтуу