Интернет + О!TV айына болгону 750 сом

13.02.2017

О! мобилдик оператору Кыргызстандын аймактарындагы колдонуучулар үчүн сонун сунуш «Алга Интернет + O!TV» сунуш кылат.«Алга Интернет + O!TV» - бул   интернет-трафикти чектөөсүз ылдамдыгы 2 Мбит\с чейинки мобилдик интернет жана каалаган табиттеги  130 ТВ-канал.

 «Алга Интернет + O!TV» тарифинин абоненттик төлөмү 30 күнгө 750 сом.

«Алга Интернет + O!TV»  өлкөнүн аймактарындагы абоненттер үчүн атайын иштелип чыкты. Бүгүнкү күнү интернетке кирүүгө болгон муктаждык дээрлик ар бир кыргызстандыкта бар. Кыргызстандын борбор шаарында жана ири шаарларында Интернетке кирүү кызматтарын көрсөткөн көптөгөн компаниялар иштеп жатат. Аймактарда азыркыга чейин бардыгы эле интернет-провайдерлердин кызматтарын колдоно алышпайт. Дал ошол себептен О! мобилдик оператору жаңы продукт иштеп чыкты, анын натыйжасында бүгүндөн тарта O!TV мобилдик телеберүүсүн көрүүгө,  интернет-барактарды ыңгайлуу карап турууга, мессенджерлерди жана социалдык тармактарды колдонууга  мүмкүндүк бар», – деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.

 O!TV мобилдик телеберүүсүнө жазылуу – бул дароо өз түзүлүшүңүздөн сүйүктүү 130  каналды көрүүгө мүмкүндүк экендигин баса белгилейбиз. O!TV кызматын кошуп, абоненттер Интернет бар бардык жерде өз смартфонун, планшетин же компьютерин толук кандуу телевизорго айланта алышат.  O!TVда ТВ-каналдарды көрүүдө Интернет-трафик О! түйүнүндө тарифтештирилбейт. О!TV тиркемесин       PlayMarket жана AppStore маркеттеринен жүктөөгө болот.

Тарифти кошуу үчүн баштапкы комплектини сатып алуу керек, ага 4G Wi-Fi Wingle жана «Алга Интернет + O!TV» тарифи бар SIM-карта кирет. Сунушту пайдаланып калуу үчүн О! мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселеринен түзүлүш сатып алыңыздар.

«Алга Интернет + O!TV» жаңы тарифтик план Бишкек шаарын жана ага жакын аймактарды кошпогондо, өлкөнүн бүткүл аймагында иштейт.

 «Алга Интернет + O!TV» кызматынын кенен шарттары менен компаниянын расмий сайтынан   www.o.kg тааныша аласыздар. 


Тизмеге кайтуу