«Город 312»: О! мобилдик оператору инновацияны жакшы көрөт

04.05.2017 Баарыбыз жакшы көргөн «Город 312» тобунун чоң концерти 1-майда Бишкекте өттү.

- Чындыгында, мындай иш-чараларда биздин канчалык көп экендигибизди жана биз бири,ксек кандай күч экендигибизди сезе баштайсың! – деп О! мобилдик операторунун операциондук иш боюнча директору Алла Опариенко саламдашууну баштады. Бишкек эстафетаны Жалал-Абад жана Ош шаарларынан кабыл алды. – Биз биздин концерттерге келген 20 миңден ашык адамды бириктире алдык, алар биздин жаңы уникалдуу тарифтер тизмегибизди «О!го окторул + ТВ» колдоо үчүн келишти. Бул тарифте сиздер жакшы көргөндөрдүн баары – акысыз байланыш, чексиз интернет жана буга кошумча мобилдик телеберүү бар, - деп улады маркетинг боюнча директор Дмитрий Жуков. - Биз компаниябыздын башкы принцибине турабыз – ар бирибизге керекти гана сунуш кылуу, бардык жаңыларды сынап көрүү жана кыргызстандыктарга жалаң гана мыктыны сунуш кылуу.

Айтылганды ырастоо үчүн чоң концерт башталды. «Шаардыктар» өзүлөрүнүн юбилейлик программасын тартуулашты. Жакында эле коллективге 15 жыл толду! Светлана Назаренко жана анын командасы күчүн жүз пайызга жумшашты! Сахнадан энергия жана адреналин куюлуп жатты! Биринчи болуп топтун гимн-ыры - «Небо в алмазах» жаңырды. Көрүүчүлөр сүйүктүү музыканттарын өз смарфтондорундагы фонарларын күйгүзүп, колдорун көтөрүп бир калыпта ыргалуу менен аябай колдоп жатышты. Аянтча миңдеген жылдыздар бүлбүлдөгөн асманга окшошуп калды.

- Саламатсыздарбы, урматтуу жердештер! – деп бардыгына «Город 312» тобунун солистка Светлана Назаренко кайрылды. – Биздин коллективдин көпчүлүк бөлүгү Бишкектен. Биз бул жерде туулуп өстүк жана биздин сонун өлкөбүздөн алыс жүргөндө, сүйүктүү шаарыбызды аябай сагынабыз. О! мобилдик операторунун аркасы менен биз бүгүн бул жактабиз. Биз бул компаниянын көп жылдан бери билебиз. Ал кандай өсүп-өнүгүп жатканын көрүп жатабыз. Анда иштеген адамдар жашоого кызыккан гана адамдар эмес, алдыга карай алысты көрө турган адамдар. О! оператору ар түрдүү инновацияларды жакшы көрөт, демек, бул алар биздин, баарыбыздын бир жерге токтоп калышыбызга мүмкүндүк бербейт! 

Концерт эки сааттан ашык болду, бардыгы бир дем менен өттү. Көрүүчүлөр «Девочка, которая хотела счастья», «Фонари», «Обернись», «Амигос», «Невидимка», «Останусь» хиттерин кошулуп ырдашышты. Жыйынтыгында Светлана Назаренко бардык музыканттарды - гитара - Маша, экинчи гитара - Александр, бас-гитара - Леон, клавишалык - Дима, урма инструмент – Никти тааныштырды. Ник өзүнүн эффективдүү солосун көрсөтүп, күүлдөгөн эмоцияларды жаратты.

- О! мобилдик операторуна бүткүл шаар боюнча ушундай унутулгус майрам тартуулагандыгы үчүн чоң рахмат! – деп көрүүчүлөр өз сезимдери менен бөлүшүштү. – Светлананын жандуу үнү, добушу жана укмуштуудай харизмасы бул күндү мыкты кылды! Бардыгы сонун уюштурулгандыгын белгилегим келет. Командаларга, көрүүчүлөргө жана чакырылган жылдыздарга ушундай позитивдүү энергетика үчүн рахмат!

Ошентип, концерт көңүлдө каларлык эң мыкты таасир, энергия зарядын жана жаңы горизонттордо ишенимди калтырып дүңгүрөп өттү.

Толук фото жана видеоотчетту концерт кандай өткөнүн О! мобилдик операторунун социалдык тармактардагы: Facebook, «ВКонтакте», Instagram, «Одноклассники» расмий барактарынан көрүңүздөр.

Тизмеге кайтуу