Күздүн башкы IT-окуясы «КИТ-2019» 24-сентябрда болот. Өткөрүп жибербе!

20.09.2019

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда санариптештирүү процесси өтө тездик менен өнүгүп жатат. Санариптик технологиялардын өнүгүүсү менен бирге биздин адаттарыбыз, чечимдерди кабыл алуу ылдамдыгыбыз алмашып, жашообуз түп тамыры менен өзгөрүп жатат. Бүгүнкү күнү концертке, ал гана эмес башка өлкөгө саякатка баруу үчүн билетке кассага кезек күтүп турбастан, интернет аркылуу сатып алуу менен эч кимди таң калтыра албайсың. Башка бир мисал, интернетте оюндарды ойноо менен жүз миңдеген долларларды утуп алуу мүмкүн.

Төмөндөгү түшүнүктөр да маанилүү боло баштады:

  • Киберкоопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо;

  • Ачык маалыматтар жана и цифровые госуслуги;

  • Санариптик маркетинг;

  • Электрондук коммерция;

  • Game development;

  • IT-билим берүү;

  • ЕЭКнын санариптик платформалары;

  • Салык процедураларын фискалдаштыруу.

Ушул жана башка темалар быйыл технологиялык лидер О! Мобилдик операторунун колдоосу менен өтө турган маалыматтык технологиялардын «КИТ-форум 2019» VII Кыргызстандык форумунун алкагында талкууланат.

– Биз өлкөнүн IT-коомчулугу үчүн абдан маанилүү окуясынын бир бөлүгү болуп жаткандыгыбызга кубанып жатабыз, анткени бул окуя өлкөбүздөгү прогрессивдүү тармактарынын бириндеги – IT тармагындагы көптөгөн жетишкендиктерибизди көрсөтмөкчү. Бул форумдун жаштар арасында IT-адистиктерге болгон кызыгууларын арттырарына, ал эми эксперттер арасында баалуу тажрыйбалар менен алмашуулар болоруна ишенем, – деп белгиледи О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко. – өзүбүз жактан конференциянын катышуучулары менен жаңы инновациялык IT-өнүмдөрүбүз: O! Safe Kids жана «Мой О!» тууралуу маалымат бөлүшөрүбүзгө сөз беребиз.

Качан жана кайда?

Инновациялык технологиялардын VII Кыргызстандык форуму 24-сентябрда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өтөт.

Сизди эмнелер күтөт?

Сиз Россиянын, Казакстандын, Украинанын, Финляндиянын, АКШНын жана Кыргызстандын IT-индустриясынын эксперттерин уга аласыз, IT-гуру мастер-класстарына катыша аласыз. Сизде ар түрдүү талкууларга жана тегерек столдорго катышуу мүмкүнчүлүгү болот. Сиз стартаптардын көргөзмөсүн көрүп, Кыргызстандын эң жаңы IT -иштелмелери менен тааныша аласыз.

kit2019.gipi.kg сайтынан иш-чаранын бардык баяндамачылары жана программасы тууралуу маалыматты таба аласыз, ошол эле жерде кыска каттоо формасын толтуруп койсоңуз болот.

Форумдун уюштуруучулары: «Интернет-саясаттын жарандык демилгеси» коомдук фонду, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (МТжБМК), Билим берүү жана илим министрлиги, Жогорку технологиялар паркы.

Форумдун башкы өнөктөштөрү: «Digital CASA-Кыргызская Республика» МТжБМКнын долбоору жана «Манас» КТУ. Форумдун башкы демөөрчүлөрү: О! Мобилдик оператору жана «Лаборатория Касперского».

«КИТ-2019» форуму «Санарип Кыргызстан 2019-2023» стратегиялык концепциясынын алдында өтөт.

Cанариптүү мЕн – Санариптүү Кыргызстан. Санариптүү бол!

 

 


Тизмеге кайтуу