Бүт үй-бүлө үчүн үй интернети жана акысыз байланыш

07.10.2019

О! Мобилдик операторунун «Бирге арзан» үй-бүлөлүк сунушу ишке киргизилгенине бир жылдан кийин дагы бүт өлкөдөгү кыргызстандыктарды кубантуусун улантып келе жатат. Миңдеген үй-бүлөлөр тарифтик сунушту үй-бүлөлүк бюджетти коргоого мүмкүнчүлүк берген анын жөнөкөйлүгүн, ыңгайлуулугун жана пайдасын баалай алышты.

Баары үчүн үйдүн ээси төлөйт

«Бирге арзан» тарифинин баштапкы комплектиси 3 кишиге эсептелинген. Бүт комплект үчүн төлөм бир номерден алынат – айына болгону 1190 сом. Зарыл болгон учурда топту үй-бүлөнүн беш мүчөсүнө чейин көбөйтсө болот.

Ар бир үй-бүлө мүчөсү төмөнкүлөргө ээ болот:

  • өз смартфонунда ЖОГОРКУ ЫЛДАМДЫКТАГЫ 40 ГБ МОБИЛДИК ИНТЕРНЕТ;

  • О! түйүнүндө АКЫСЫЗ ЧАЛУУЛАР;

  • ЖОГОРКУ ЫЛДАМДЫКТАГЫ роутерде чектөөсүз жана плинтустардан өткөрүлгөн зымдарсыз ҮЙ ИНТЕРНЕТИ.

2 эсе төмөн чыгымдар

«Бирге арзан» тарифинин артыкчылыгын ар биринин колунда бирден смартфон жана аларга кошумча баарына бир планшети бар үч кишиден турган кадимки үй-бүлөнүн мисалында көрсө болот. Ар бири айына 400 сомго демократиялык тариф менен планшет үчүн 800 сомдон баштаган атайын тарифти колдонсо дагы, үй-бүлөлүк тарифти кошуп алгандан кийин ошол эле көлөмдөгү байланыш үчүн керектөөлөр эки эсеге азаят.

O!TV тиркемесин жүктөп алыңыз да, «Пульт үчүн күрөшкө жок!» деңиз

Кол алдыңызда рейтингдик 150дөн ашуун ТВ-каналына ээ болуу менен пульт үчүн үйдөгү күрөштү токтоткуңуз келеби? Үйдөгү аба ырайын O!TV сактап калат. Бул кызмат каалаган смартфонду, планшетти, компьютерди, ноутбукту же Smart TV телевизорун – чыныгы жеке кинотеатрга айландырып коё алат.

«Бирге арзан» тарифине кошулуу үчүн өтүнмөнү 557, 0500 000 955 номерлерине чалуу менен же бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринде же O!Store дүкөнүндө калтырса болот.

«Бирге арзан» - түйшүксүз үй-бүлөлүк үнөмдөө!


Тизмеге кайтуу