15-августка чейин КР аймагындагы бардык телефондор каттоодон өткөрүлүшү керек

14.08.2024
Смартфондорду O!Store дүкөндөрүнүн ири тармагынан сатып алыңыз – бул сиздин түз эле расмий сатуучудан текшерүүдөн өткөн, тастыкталган түзүлүштү сатып алганыңыздын кепилдиги, демек түзүлүштүн 100% сапаты камсыздалган.

Смартфонду O!Store дүкөнүнөн сатып алганда, эч нерседен кам санабай эле койсо болот, себеби телефондордун баары каттоодон өткөн жана аларды бир айдан кийин керексиз буюмга айланат деген кооптонуусуз, сатып алар замат колдоно баштаса болот. 15-августтан кийин IMEI-коддору МИСте катталбаган телефондор Кыргызстандын мобилдик түйүндөрүнөн иштебей калат.

Азыркы учурда тармактын бардык дүкөндөрүндө акция өтүүдө. Акциянын алкагында бир смартфон сатып алып, экөөнү + көптөгөн белектерди алып кетесиз!

Ар бир сатып алуучу негизги Infinix смартфонуна кошумча дагы бир смартфон, ошондой эле зымсыз кулакчын, смарт-саат, акылдуу тараза, стилдүү рюкзак же пауэрбанк алат! Керектүү жана пайдалуу белектердин бүтүндөй топтомун алып кетүүгө даяр болуңуз!

Infinix sm_1080x814 news kg.png

O!Store дүкөнүнөн сатып алуу ыңгайлуу жана пайдалуу, каалаган учурда каалаган смартфонду бөлүп төлөөгө алса болот. 0 705 007 000 телефону аркылуу онлайн буйрутма бериңиз.

Сатып алуудан мурун телефонду сөзсүз текшериңиз

Телефондорду каттоодон өткөрүү – сатуучунун милдети, андыктан сатыкка катталган гана телефондор чыгарылууга тийиш. Каттоону текшерүү дагы оңой – *#06# буйрутмасын терип, түзүлүштүн 15 орундуу IMEI-кодун билиңиз, андан соң «Мой О!» тиркемесине кирип, башкы баракчадан «Телефондун IMEI-кодун текшерүү» дегенди басыңыз да, кодду жазыңыз.

Эгерде сиз Кыргызстанда катталбаган телефон сатып алсаңыз, анда 2024-жылдын 15-августуна чейин сатып алган жерге кайрылып, сатуучудан аны www.imei.kg/stockreg шилтемеси аркылуу каттап берүүсүн өтүнүңүз.

Эгерде эки симкалуу телефон колдонсоңуз жана eSIM иштесе, анда SIM-карта салына турган бардык слоттор дагы катталууга тийиш. Текшериш үчүн иштеген SIM-картаны кезеги менен ар бир слотко салып, чалууну ишке ашырыңыз же интернетке кириңиз, мындайча аны активдештирген болосуз.

Ал эми SIM-карта салына турган бир слот катталып, калгандары катталбаган болсо, анда support@imei.kg дарегине телефонуңуздун бардык IMEI-коддору жазылган кат жибериңиз. Бул үчүн *#06# буйрутмасын терип, экрандын скриншотун алыңыз да, катка тиркеп коюңуз.

Толук маалымат imei.kg сайтында.

Смартфондорду O!Store дүкөнүнөн ишенимдүү сатып алыңыз.

«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МТБМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.


Тизмеге кайтуу