Махабат күнүндө түгөйүңүзгө эмне тартуулайсыз?

12.02.2020

Ыйык Валентин күнүнө карата кандай белек берүүнү билбей жатасызбы? Анда сиз туура дарекке кайрылдыңыз. Сүйүктүү айымыңыз же мырзаңызга тартуулай турган маанилүү белектердин тизмесин жазып алыңыз. Мунун баары O!Store дүкөнүндө.

Меломандар үчүн

Бардык табитке ылайыктуу кулакчындар: зымдуу же зымсызкичинекей же тескерисинче көлөмдүү. Же башка белек: Bluetooth-колонкасы, мисалы, Hoco BS9. Ал бийик жана тунук добушу менен кубантат. Тез заряддалат, куштун жүнүндөй жеңил, салмагы болгону 150 грамм болгондуктан баштыгыңызда көп деле орун ээлебейт.

1080x814_наушники_колонка (2).png

Саякатты сүйүүчүлөр үчүн

Смартфондун заряды нөлгө түшүп калганда, «дүйнө жүзү алаканыңда болбой калган кезде», жашоо дагы боз түстөргө ээ боло баштайт. Ошондуктан, сиздин түгөйүңүзгө жакшы повербанк абдан керек болот. Өзгөчө сүйүктүүңүз тоого чыкканды жакшы көрсө, же иш сапарына көп барса бул абдан пайдалуу белек. Моделди сыйымдуу батареясы менен тандаңыз. Смартфонду ал минимум жети жолу заярддай алат.

1080x814_powerbank.png

Спорт менен алектенгендер үчүн

Колго тагуучу фитнес-билерик — стилдүү, модалуу жана колдонууга ыңгайлуу. Xiaomi Mi Band 4 — спортсмендер үчүн мыкты вариант. 135 мАч сыйымдуулугу менен Xiaomi билериги жыйырма күнгө чейин автономдуу иштейт. Бардык милдеттерин аткарат — кадамдарды жана жүрөктүн согушун ченейт, уйкуну жана сарпталган калорияларды көзөмөлдөйт. Колго бекем бекитилет. Android OS жана iOS (Apple) менен шайкеш келет. Суу кирбейт. Дагы бир вариант катары Samsung Galaxy Fit e моделин карасаңыз болот.

1080x814_mi-band.png

Вариант – жаңы смартфон: тандоо үчүн сунуштар

Эгер белекке смартфон тартуулайын десеңиз, текшерилген жаңы моделдерди карап көрүүнү сунуштайбыз. Жакшы камера, автономдуулук жана өндүрүмдүүлүк жагынан кардарлардын көз карашы боюнча эң олуттуу пикирлерге ээ болгон смартфондор – Samsung Galaxy A51Xiaomi Redmi Note 8 жана Honor 20. Бул смартфондорду баштапкы төгүмсүз жана ашык төлөмдөрсүз айына 2165 сомдон баштап бөлуп төлөөгө же кредитке сатып алса болот. Макул болуңуз!

1080x814_смартфоны.png

Убакытты баалагандар үчүн

ostore.kg интернет-дүкөнүндө Бишкек шаарынын чегинде акысыз жеткирүү иштейт, ошондой эле смартфонду кредитке сатып алууну онлайн жолжоболоштуруу мүмкүнчүлүгү бар! Сатып алууну кредитке жолжоболоштуруу үчүн ostore.kg сайтынан форманы толтурасыз, дүкөндөн телефон чалууну күтүңүз, андан кийин барып өз тапшырыгыңызды алып кетиңиз. Суроолор болсо, 0705 007 000 телефонуна кайрылыңыздар.

O!Store – мезгилдерге тете болгон махабат!

 

 


Тизмеге кайтуу