О!Store кардарлары үчүн акысыз камсыздандыруу

03.11.2017

О! мобилдик оператору жалпы Кыргызстан боюнча O!Store дүкөндөрүндө смартфондорду камсыздандыруу программасын баштап жатат.

Акысыз камсыздандыруу Huawei маркасынын бардык моделдик катардагы смартфондоруна 12 ай мөөнөткө берилет жана эң кеңири жайылган тобокелдиктерден коргойт. Мисалы, смартфондор электр тармагындагы чыңалуунун кескин чоңоюп кетишинен бузулушу мүмкүн, ошондой эле түзүлүштү кокусунан түшүрүп жиберип, талкалап же үстүнө суу төгүп алышат. Оңдоого кеткен чыгымдардын ордун толуктоого же жаңы иштеген смартфон алууга жалпы Кыргызстандагы О!Store дүкөндөрүнөн берилчү акысыз камсыздандыруу жардам берет, муну менен катар үстүнө эчтеке акча төлөбөйсүз.

О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко:

«Биздин дүкөндөрдө бардык баа категорияларындагы түзүлүштөрдүн көп түрү коюлган. Атап айтсак, популярдуу Huawei маркасынын болгону 6300 сомго эң үнөмдүү Huawei Y3II смартфонунан, 37990 сомго эң заманбап флагмандык түзүлүшү болгон Huawei P10  смартфонуна чейин таба аласыздар. Эми смартфонду насыяга сатып алуу жана бул үчун бонустарга ээ болуу мүмкүнчүлүгү менен катар, биздин дүкөндөрдө күтүлбөгөн жагымсыз окуялардан да таптакыр акысыз камсыздандырылса болот».

Акысыз камсыздандырууну көрсөтүүнүн шарттары:

- түзүлүштүн механикалык бузуктугу; 
- суюктуктун таасири; 
- электр тогунун таасири.

Толук маалымат эскерткичте берилген.

O!Store дүкөндөрүнөн Huawei смартфонун сатып алгыла жана 12 айга таптакыр акысыз камсыздандыруу күбөлүгүнө ээ болгула!


Тизмеге кайтуу