«30 күнгө Чексиз 4G» кызматын кошкондо, “4G Wi-Fi Wingle болгону 1 сомдон!” акциясы уланууда

04.01.2016

О! мобилдик оператору 4G Wi-Fi Wingle түзүлүштөрүнө акциянын узартылгандыгы жөнүндө маалымдайт. Акциянын шарттары боюнча бардык кыргызстандыктарда «30 күнгө Чексиз 4G» кызматын кошкондо,  4G Wi-Fi Wingle-ди болгону 1 сомго сатып алууга мүмкүндүгү бар.

«Кыргызстан үчүн уникалдуу болуп саналган түзүлүштү сатып алууга жетишпей калган биздин абоненттерибиздин көптөгөн өтүнүчтөрү боюнча биз бул пайдалуу акцияны дагы бир айга узартууну чечтик. Аталган акция үстүбүздөгү жылдын аягында башталган жана жакшы ийгиликке жетишти! Биз сапаттуу продукт жана жогорку ылдамдыктагы чексиз 4G интернетти сунуш кылып жатабыз, а мунун өзү – ийгиликтин сыры. Бүгүнкү күнү мобилдик интернет – бул чексиз баарлашуу жана өтө актуалдуу маалыматтарды  чектөөлөрсүз алуу. Эми акцияга кошулган абоненттер кызмат үчүн гана төлөшөт жана түзүлүштүн өзүн сатып алууга каражат үнөмдөшөт. Бул пайдалуу сунушту пайдаланып калууга шашылыңыздар!», – деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко белгиледи.

Түзүлүштүн эң негизги артыкчылыгы болуп колдонууда жөнөкөйлүүлүк жана Wi-Fi-дын жардамы менен бир убакта бир нече түзүлүшкө 4G интернет тарата алышы эсептелет.    4G Wi-Fi Wingle - бул модем, Wi-Fi модуль и флеш-карта бир корпуста.  Аны каалаган USB-портко: ноутбукка, машинанын зарядкасына, тышкы азыктандыргычка, Smart-телевизорго, DVD-плеерге ж.б. туташтырса болот.

Акция 2016-жылдын 31-январына чейин узартылат жана Бишкек ш., Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын областтарынын, ошондой эле Кара-Көл жана Токтогул шаарларынын аймактарында жүрөт.

Акциянын шарттары менен кененирээк компаниянын расмий сайтынан www.o.kg же 737 кыска номери боюнча (О! мобилдик операторунун абоненттери үчүн чалуу акысыз) таанышсаңыз болот. Ал эми түзүлүштөрдү үйдөн чыкпастан, биздин http://shop.o.kg/ Интернет-дүкөндөн тапшырык кылыңыз. Бишкек шаары боюнча жеткирүү акысыз.

О! мобилдик оператору – дароо азыр кошул!


Тизмеге кайтуу