О!нун абоненттери УАМС ардагерлерине жардам бере алышат: 1945 номерине SMS же чалуу

08.05.2017 Улуу Ата Мекендик Согуштун Жеңиш күнүнүн 72 жылдыгын майрамдоого байланыштуу, О! мобилдик опертору каражат чогултуу боюнча «Жеңиш күнү» акциясын жарыялаган, ал каражаттар УАМС ардагерлерине жардам берүү үчүн багытталат. Бул демилгеге ар бир каалоочу 1945 номерине SMS жөнөтүп же чалып кошула алат. Мындай SMS-билдирүүнүн же чалуунун баасы – 20 сом. Акция 2017-жылдын 11-майына чейин узартылат.

Жеңиш күнү – бул бардыгыбызды – жаштарды да, улгайган адамдарды да бириктире турган майрам жана балдар согуштун каармандары жөнүндө жаркын элес сакташат. Майрамдын алдында биз болгон күч-аракетибизди бириктирип, согуш жылдары өз эмгегин, даанышмандыгын жана каармандыгын бул көптөн күткөн күндү жакын кылган бардык ардагерлерге дагы бир жолу ыраазычылык билдире алабыз.

Бул Акция биринчи жылы жүрүп жаткан жок. Өткөн жылы акциянын жыйынтыктары боюнча О! түйүнүнүн абоненттеринен УАМСтин 73 адагерине 137 миң 840 сом суммасында жардам көрсөтүлгөн. «Жеңиш Күнү» акциясынын жыйынтыктары боюнча бул жылы мобилдик оператор О! түйүнүнүн абоненттери тарабынан чогулган бүткүл сумманы Республикалык ардагерлер кеңешине андан ары даректик бөлүштүрүү үчүн өткөрүп берет. Акция аяктагандан кийин отчетту www.o.kg сайтынан жана Кыргызстандын алдыңкы ЖМКнан окууга болот.

Тизмеге кайтуу