Тажрыйбасыз иштеп чыгуучуларга 5 кеңеш: Кыргызстанда IT ишине кантип киришсе болот

18.08.2023

Бүгүнкү күндө иштеп чыгуучу кесиби жаштар арасында эң популярдуу кесип болсо керек. Айтишниктердин эмгек акылары жогору экени баарыбызга маалым. Соцтармактарда бул тууралуу түрдүү курстарды көп жарнамалашат.

Мыкты айтишникти башкалардан айырмалап турган негизги скилдер (көндүмдөр – редактордун маалыматы), Кыргызстанда жаңыдан ишке киришкен учурда күтүлгөн эмгек акынын өлчөмү жана Java Backend Developer акысыз курсуна кантип катышса боло турганы жөнүндө маалыматты О! Мобилдик операторунун иштеп чыгуучуларынын башчысы Владислав Ромаховдон алдык.

1. Алгач нишаны, андан соң — программалоо тилин тандаңыз

Иштеп чыгуунун көп сандагы багыттары бар. Эң жакшы багытты кантип тандаса болот жана эмнеден баштоо зарыл?

- Алгач кишинин өзүнүн кызыгуусун: веб-долбоорлорду же мобилдик тиркемелерди түзүүнү каалаганын аныктап алганы туура. Балким, сервердик чечимдерди иштеп чыгууга жөндөмү бардыр. Муну «кармалап көрүп», мейли интернеттен алынган маалыматтын негизинде болсо да, бир нерсени жасап чыкканга аракет кылган соң гана түшүнө алат. Адам өзүнүн аракеттеринин натыйжасын көрүп, аларды досторуна «Карагылачы, муну мен жасадым!» деп көргөзө алуусу абдан маанилүү. Мейли, бир нече жолу аракеттенсин, соңунда сөзсүз ийгиликке жетет.

Көңүл бурулушу зарыл болгон бир нече көрсөткүч дагы бар. Жергиликтүү job-сайттардан вакансиялардын рейтингин жана эмгек акылардын деңгээлин изилдеп көрсө болот. Жогорку эмгек акы иштеп чыгуучунун тажрыйбасы менен нишадан гана эмес, программалоо тилинен да көз каранды экенин байкай аласыздар. Келгиле, github.com боюнча программалоо тилдеринин рейтингин мисал көрсөтөлү.

язык программирования.jpg

Тил канчалык популярдуу болсо, ал боюнча ачык вакансиялар ошончолук көп жана атаандаштык да жогору. Массалык эмес жолду тандаса болот, б.а. популярдуулугу азыраак тилдерди үйрөнүп, оңой менен табылбаган, тар багыттагы адис болсоңор да жакшы. Мындай адистерге жакшы эмгек акы төлөнөт.

2. IT үчүн негизги скилдер

- Иштеп чыгуу – бул үзгүлтүксүз өз алдынча окуп-үйрөнүү. Ооба, көп учурда маселелер типтүү келип, аларды Гуглдан издеп тапса болот. Бирок, экинчи жагынан, маалымат ого эле көп болгондуктан, кээде керектүү нерсенин өзүн таап чыгуу кыйынга туруп калат. Канткенде катардагы киши мыкты айтишникке айлана алат - дал ошол тырышчаактык менен отуруп, маселени түшүнүүгө, чындыкка жетүүгө умтулуу аракети.

Ойдогудай натыйжага жетиш үчүн интернеттен ишке жарамдуу бөлүктү таап, программага киргизүү дайыма эле жетиштүү боло бербейт. Бул жерде эң башкысы – алгоритмдик ой жүгүртүү. Эгер сен алгоритм түзгөндү билсең, иштеп чыгууда колдонгон технология менен тил маанилүү болбой калат. Тилдер татаалдык деңгээли боюнча түрдүү болуп, алардын ар бири түрдүү кирүү босогосун талап кылат –майда кадамдардын топтомунан чоң маселени жарата алуу кыйла маанилүү.

3. Мифтер жана чындык – эмгек акылары тууралуу

- Азыркы тапта адистердин жетишсиздигинен улам тажрыйбалуу иштеп чыгуучулардын кирешеси башкаларга салыштырмалуу жогору экени чын. Маселен, коронавирус учурунда алгач онлайн-стартаптардын саны кескин көбөйүп, убакыттын өтүшү менен ошол эле Силикон өрөөндө массалык кыскартуулар болуп, европалык долбоорлордун кыйласы жабылды. Чет өлкөдөн укмуштуудай чоң суммаларды төлөп берүүгө сунуш алган тааныш балдар да болгон, бирок суроо-талап тез эле токтоп калды.

Жылдан жылга IT рыногу өнүгүп бара жатат. Бизнес азыркы тапта автоматташтырууга кызыкдар, бирок рынокто айтишниктердин саны 2-3-4 эсе көбөйгөндө, дароо эле эмгек акылардын өлчөмү да азаят. Мурун юристтерде, экономисттерде да ушундай эле абал болгон. Эртең эле жаңы адистердин окуу жайларын бүтүрүп чыгуусу менен рынок аларга толуп калат. Бирок, азырынча, дүйнө жүзү боюнча иштеп чыгуучу кесиби эң жогорку деңгээлде турат. Бизнес азыр деле төлөөгө даяр, бирок жөндөмдүүлүктөр дагы ошого шайкеш болууга тийиш. Башталгыч деңгээл тууралуу айта турган болсок, кээ бир билим берүү ресурстары убада кылган цифраларга ишене бербейм. Албетте, алар сизге курсун сатууга кызыкдар, ал эми жумушка орношосузбу же жокпу – өзүңүздөн гана көз каранды. Башында реалдуу цифралар деп, 20-30 миң сомду айтсак болот.

4. Стажировканы тандаңыз

- Кыргызстанда көп сандагы курстар менен стажировкалардын ичинен О! Мобилдик операторунан «Intern Labs» окуу программасын айырмалап турган өзгөчөлүк - анын толугу менен акысыз экенинде. Анын үстүнө, бул жөн гана стажировка эмес – бул жумушка орноштуруу программасы: бүтүрүүчүлөрдүн мыктыларына компанияда иштеп калууга сунуш түшөт. Бизден окуп-үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаш керек, анткени мындай курстар жылына бир-эки эле жолу өткөрүлөт. Жакында эле «Тестировщик» курсуна талапкерлер кабыл алынды. Анда бир орунга 10 киши талапкер болгон.

Ал эми дал ушул тапта эң популярдуу багыттардын бири – Java Backend Developer боюнча акысыз стажировкадан өтүү укугуна сынак жүрүп жатат. Тестировщик курсуна «нөлдөн баштап» катышууга уруксат берилсе, бул жерде талапкерлер Java программалоо тилинин негиздерин билүүгө тийиш.

Ошентип:

  • Java Backend Developer программасы 6 айга созулат, анча деле узун эмес, бирок реалдуу маселелерге жана долбоорлордо иштөөгө даяр болуш үчүн жетиштүү;

  • сизде программалоо көндүмдөрүн практика жүзүндө тереңдетип, ири IT-компаниянын ишин ички тарабынан көрүүгө мүмкүндүк болот.

internlabs_1080x814_kyr.png

5. Өзүңүздү сынап көрүңүз!

- Баса, стажировкага алыныш үчүн тесттик тапшырмадан өтүшүңүз керек. Муну менен билим деңгээлиңизди жана окууга кызыгып-кызыкпай турганыңызды аныктай аласыз.

Биринчи тест, жөнөкөй болгонуна карабастан, адамдын ой жүгүртүүсүн, логикасын, тапкычтыгын жана чындап мотивацияга ээ экендигин көрсөтөт. Экинчи тесттен программалоо тили боюнча базалык билимдер текшерилет. Дагы убакыт бар – дедлайн 20-сентябрь 2023-жыл. Биринчи тест сизди internlabs.o.kg шилтемесинен күтөт.

«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.


Тизмеге кайтуу