2024-жылдын 25-июнунан баштап Кыргызстанда мобилдик телефондорду милдеттүү каттоо ишке киргизилет

19.06.2024

Урматтуу абоненттер, сиздерге 2024-жылдын 25-июнунан тартып мобилдик телефондорду Мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) милдеттүү каттоодон өткөрүү ишке киргизиле тургандыгы жөнүндө маалымдайбыз. КР Министрлер кабинетинин бул боюнча токтому 2022-жылдын май айында бекитилген.

Бекитилген Идентификациялоо тартибине ылайык, түзүлүштөрдүн негизги массасын импорттоочулар аларды өлкөгө сатуу же башка ишкердик ишинин максатында алып келген учурда каттоодон өткөрүшөт. Каттоо процедурасы акы төлөнүүчү негизде ишке ашырылат.

Катардагы абонеттер, жеке жактар үчүн эмне өзгөрөт

  • 2024-жылдын 25-июнуна чейин Кыргызстандын мобилдик операторлорунун биринин түйүнүндө иштеген бардык мобилдик телефондор жана түзүлүштөр (алардын IMEI-коддору) автоматтык түрдө катталып, МИС базасына киргизилет. Мындайча, жеке жактардын учурда колдонуп жаткан телефондору аларды идентификациялоо базасына киргизүү менен «амнистия» процедурасына кирип калат.

Бул жерде абонент эмнелерге көңүл бурушу керек

  • Эки симкалуу телефондордо ар бир слоттун уникалдуу IMEI-коду бар жана аны МИСте өзүнчө катташ керек. Ошондуктан, эгер сиз көбүнчө бир слотту колдонсоңуз: 2024-жылдын 25-июнуна чейин SIM-картаңызды кезеги менен биринчи, анан экинчи слотко салып, ар биринен түйүнгө кошулуңуз.

Жаңы телефон сатып алганда

Түзүлүш милдеттүү каттоо күчүнө киргенге чейин алынып келиши жана импорттоочу тарабынан МИСте катталбашы мүмкүн. Андыктан төмөнкүлөр МААНИЛҮҮ:

  • Эгер сиз жаңы мобилдик телефонду 2024-жылдын 25-июнуна чейин сатып алсаңыз – кутусун ачып, мобилдик телефондун ар бир слотуна иштеген SIM-карта салыңыз да, мобилдик оператордун түйүнүнө кошулуңуз.

  • Телефондун IMEI-коду (ар бир слотунун) катталып-катталбаганын «Мой О!» тиркемесинен же imei.kg сайтынан текшерсе болот.

  • 2024-жылдын 25-июнунан тартып, Сиз жаңы телефон алганга чейин сатып алып жаткан телефондун IMEI-кодунун (коддорунун) МИСте катталып-катталбаганын СӨЗСҮЗ текшерип алышыңыз керек. Эгерде 2024-жылдын 25-июнунан кийин катталбаган телефон сатып алсаңыз, аны кайра сатуучуга кайтара аласыз.

Мамлекеттик идентификациялоо системасынын Кызматтарды көрсөтүү эрежелерине ылайык, жеке жактар МИС ишке киргизилгенден тартып алгачкы эки айдын ичинде (б.а. 2024-жылдын 25-июнунан кийин алгачкы эки айда) жеке колдонуусу үчүн бир кишиге 2 мобилдик түзүлүшкө чейин киргизип, акысыз каттата алышат. Бирок өтүнмө ээси – жеке жак чындап эле чек арадан өткөндүгүн (КР аймагына телефон алып киргендигин) далилдөөсү зарыл. Бул каттоону олуттуу чектөө (баш тартуу) үчүн себеп боло алгандыктан, абонент 2024-жылдын 25-июнунан кийин түзүлүш сатып алган учурда аны текшерип, МИСте катталбаган түзүлүштөрдү сатып албашы керек.

2024-жылдын 25-июнунан кийин каттоодон өтпөгөн телефондор КР мобилдик операторлорунун түйүндөрүнөн иштебей калат, бул тууралуу МИС абонентке 30 күн мурун SMS жиберет.

«Мой О!» тиркемесинен телефонуңуздун IMEI-кодун кантип билсеңиз болот

телефон_1080x814 news kg.jpg

Алгач түзүлүшүңүздүн IMEI-кодун (SIM-картасы менен ар бир түзүлүшкө ыйгарылган 15 цифрадан турган эл аралык уникалдуу номер) билишиңиз керек. Муну ишке ашыруунун бир нече жолу бар:

  • түзүлүштөн *#06# буйрутмасын терүү;

  • IMEI-кодду түзүлүштүн кутусунан, кепилдик сертификатынан же аккумулятордун астындагы чаптамадан кароо;

  • түзүлүштүн ырастоолорунан карап чыгуу. SIM-карта салынуучу 2 слоту бар түзүлүштөрдүн 2 IMEI-коду болот. Текшерүү үчүн алардын бирин колдоно аласыз.

15 орундуу IMEI-кодду билгенден кийин, «Мой О!» тиркемесине кирип, «Проверить IMEI телефона» («Телефондун IMEI-кодун текшерүү») дегенди басабыз. Ачылган терезеге IMEI-кодду жазабыз же сканер менен штрих-кодду сканерлейбиз. Натыйжаны карайбыз.

photo_2024-06-19_11-34-26.jpg

Эгер түзүлүшүңүз ийгиликтүү каттоодон өткөн болсо, жашыл чымчыкчаны жана телефонуңуз жөнүндө толук маалыматты көрөсүз. Түзүлүшүңүздү жайбаракат колдоно бериңиз.

Ал эми түзүлүштү каттоодон өткөрүү зарылдыгы бар болсо, анда аны www.imei.kg сайтынан нускамага ылайык каттайсыз. Түзүлүштү каттоо боюнча кызмат үчүн ушул эле «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» капчыгы аркылуу төлөсө болот (сизге кызматты төлөөгө шилтеме камтыган пуш-билдирүү же SMS келет).

Толук маалымат менен www.imei.kg шилтемеси аркылуу МИС сайтынан тааныша аласыз.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лицензиялары.


Тизмеге кайтуу