ЭлМектеп

elmektep-940x250-kg.png

ЭлМектеп

Балаңыздын жетишкендиктери тууралуу так маалыматтарды убагында алууну каалайсызбы?
Кызматты кошуп алыңыз жана «ЭлМектеп» тиркемесин жүктөп алыңыз!

«ЭлМектеп» – бул окуучулар менен ата-энелерине жеткиликтүү боло турган электрондук күндөлүк, баарына көнүмүш болгон эле күндөлүктүн электрондук түрү.
Кагаз версиясынан ыңгайлуулугу, мобилдүүлүгү менен айырмаланат, ата-энелер менен мектептин администрациясы ар дайым баланын жетишкендиктери тууралуу так маалыматтарды убагында ала алышат.

«ЭлМектеп» кызматынын жардамы менен сиз ар дайым төмөнкүлөрдөн кабардар болосуз:

  • Окуучунун учурдагы баалары
  • Күн сайын сабактардын жүгүртмөсү
  • Сабакка катышкандыгы жана жүрүм-туруму тууралуу маалымат
  • Текшерүү иштери тууралуу маалымдамалар
  • Өткөрүлө турган иш-чаралар тууралуу билдирүүлөр
  • Баланын жетишкендиктеринин класс, мектеп жана республика боюнча рейтинги
  • Ошондой эле сизде мугалимдер менен онлайн байланыш болот.
«ЭлМектеп» кызматын кантип кошуп алса болот:

Кызматты кошуп алуу үчүн сиздин мектеп «ЭлМектеп» тутумуна кошулушу керек, ал жерде сиздердин телефон номерлериңиз Ата-Эне жана Окуучунун ролунда катталышы зарыл.

Мектептин «ЭлМектеп» тутумуна кошулгандыгын сиз elmektep.kg сайтындагы “Кошуп алуу картасы” бөлүмүнөн текшерсеңиз болот. Мектептин «ЭлМектеп» тутумуна кошулгандыгы тууралуу кошумча маалыматты 8181 номерине чалуу аркылуу алса болот (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз).

Мөөнөтү

Абоненттик төлөм

Кошуу буйрутмасы

30 күн

0 сом

*818*2#

7 күн

0 сом

*818*1#

365 күн

0 сом

*818*3#

05.01.2021 г. (21:00 баштап) «ЭлМектеп» кызматы АКЫСЫЗ берилет!

«Мой О!» мобилдик тиркемесинен тарифтерди жана кызматтарды башкарыңыз, мүнөттөрдүн жана гигабайттардын калдыктарын текшериңиз, толук детализация менен күнү-түнү онлайн-консультация алыңыз. Тиркемени дароо азыр жүктөп алыңыз!

«ЭлМектеп» электрондук күндөлүктү башкаруу ыкмалары:
  • Мобилдик түзүлүштөр үчүн тиркемени Google Play же AppStoreплатформаларынан жүктөп алсаңыз болот
  • Стационардык компьютер же ноутбук үчүн elmektep.kg сайтында Жеке кабинет каралган
  • Тиркемени жана «ЭлМектеп» Жеке кабинетин колдонуу үчүн интернет-трафик АКЫСЫЗ көрсөтүлөт.
Кызматты башкаруу буйрутмалары:
Тиркемени орнотуу үчүн шилтемени алуу: *818*5#

Шартбелгини калыбына келтирүү: *818*6#

Кызматтын абалын текшерүү: *818# и *818*9#

Кызмат тууралуу маалымат алуу: *818*8#

Кызматты өчүрүү: *818*0#

Кызматты көрсөтүүнүн толук шарттары:

  • Тиркемеде же «ЭлМектеп» Жеке кабинетинде учурдагы номер О! түйүнүнүн башка номерине (башка SIM-картада) же башка мобилдик оператордун номерине которулган учурда, ошондой эле мектептин администрациясы тарабынан учурдагы номердин «ЭлМектеп» тутумунан өчүрүлгөн учурда (Ата-энелердин жана/же Окуучулардын тизмесинен), учурдагы номерде «ЭлМектеп» кызматы автоматтык түрдө өчүрүлөт, мында «ЭлМектеп» кызматы үчүн төлөнгөн акча каражаттары (абоненттик төлөмдүн наркы) кайтарылбайт;
  • «ЭлМектеп» кызматтын шарттарын кошуп алуу жана көрсөтүү тарифтик пландын абалы кандай экендигине карабастан мүмкүн (активдүү режим же күтүү режими);
  • «ЭлМектеп» кызматынын шарттары каралган каалаган тарифке которулган учурда кызматтын бардык шарттары сакталат;
  • «ЭлМектеп» кызматынын шарттары каралбаган тарифке которулган учурда кызматтын бардык шарттары өчүрүлөт;