- Сенин супернөлүң+ (7 күнгө)
- Дайыма нөл!
- Переходи на О! 120+
- Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ! PRO
- 6 ГБ
- 4 ГБ
- Переходи на О! 100 + O! Safe Kids
- 2 ГБ
- Переходи на О! 30 күн Регион + O! Safe Kids
- Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ! Регион
- Light О!го которул
- Переходи на О! 120 + О!TV + O! Safe Kids
- Переходи на О! 140 + O! Safe Kids
- О!го которул
- Переходи на О! Регион + O! Safe Kids
- Переходи на О! Регион 100 + О!TV
- О!го которул Түштүк + TV Баштапкы
- Переходи на О! 135 PRO
- О!го которул Ысык-Көл + TV Баштапкы
- Переходи на О! 145 + O! Safe Kids
- VIP О!го которул
- О!го которул Нарын + TV Баштапкы
- Переходи на О! 160 + O! Safe Kids
- Smart 300 + Оңой
- Smart 1000 + Оңой
- О!го которул Талас + TV Баштапкы
- О!го которул Түштүк+
- Сенин нөлүң! (30 күн)
- Переходи на О! Регион + TV Баштапкы + O! Safe Kids
- О!Үй-бүлѳ PRO
- Переходи на О! 30 күн
- Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ 30 күн
- Эң биринчи
- О!го которул Ысык-Көл+
- О!го которул Нарын+
- О!го которул Талас+
- О!го которул Түштүк
- О!го которул Ыссык-Көл
- О!го которул Нарын
- О!го которул Талас
- Переходи на О! Чексиздик + TV Премиум 30 күн + O! Safe Kids
- Переходи на О! 160 + O!TV PRO
- Переходи на О! 120 + О!TV
- Оңой!
- Пайдалуу чексиз 4G
- Сенин нөлүң 30
- Переходи на О! 105
- Сенин супернөлүң 7
- Переходи на О! Регион 325 + O!TV
- Мугалим PRO
- Переходи на О! 135 + О!TV
- Переходи на О! 135
- Переходи на О! 145 + О!TV PRO
- Переходи на О! Студент +
- О!го которул Студент
- СЕНИН НѲЛҮӉ 7 ТҮШТҮК
- СЕНИН НӨЛҮҢ 30 ТҮШТҮК
- О!го которул Light + TV Баштапкы
- О!го которул Чексиздик + TV
- Алло!
- Бирге арзан 1.0 PRO
- Сенин супернөлүң
- Переходи на О! Студент 115
- Сенин супернөлүң+
- Бирге+Оңой Түштүк
- Окуучу PRO
- ОК!
- Сенин нѳлүӊ 7
- Интернет 40 ГБ
- Non-Stop
- Light+ О!го которул
- Переходи на О! Чексиздик + TV + O!Кино
- Light+ О!го которул белекке
- Бирге арзан 2.0
- О!го которул+
- Переходи на О! Студент Онлайн PRO
- Сонун!
- Окуучу 28 күн PRO
- Интернет
- VIP+ О!го которул
- Premium О!го которул
- Интернет+
- Переходи на О! 600 + O!TV
- Переходи на О! БААРЫ ҮЧҮН ЧЕКСИЗДИК! 4 жума PRO
- Чексиз 4G + O!TV
- Чексиз 4G
- Переходи на О! Студент Онлайн PRO+
- Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ 7 күн
- Алга Интернет + O!TV
- Сенин супернөлүң 1 жума
- Үйгө интернет
- Переходи на О! Регион 100 + O!TV + O! Safe Kids
- Сенин нөлүң Универсалдуу
- Переходи на О! 395 + O!TV
- БИРГЕ АРЗАН
- Переходи на О! 490 + O!TV PRO
О!ҮЙ-БҮЛѲ Регион

О!ҮЙ-БҮЛѲ Регион
Бүт үй-бүлө үчүн мобилдик байланыш!
- О! түйүнүнүн ичинде акысыз сүйлѳшүү үчүн 4 SIM-карта.
- Ар бири үчүн бир айга 30 ГБ интернет.
Жалпы комплект үчүн 30 күнгѳ 690 сом ѳлчѳмүндѳ абоненттик тѳлѳм.
Бир эле башкы SIM-картанын балансынан бир айда бир гана жолу тѳлѳнѳт!
Комплектти алуу жана «О!Үй-бүлѳ Регион» тарифине кошулуу үчүн бардык регионалдык О! сатуу жана тейлөө кеӊселерине же O!Store дүкѳндѳрүнѳ кайрылыӊыз.
Эгер сиз О! абоненти болсоӊуз, комплектти сатып алууда анын ичиндеги SIM-карталарды ѳзүңүздүн учурда колдонуп жаткан SIM-карталарыӊызга акысыз түрдѳ алмаштырып алсаӊыз болот.
Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында мобилдик интернеттин ылдамдыгы секундасына 128 Кбитке чейин төмөндөтүлөт.
Милдеттүү шарт:
«О!Үй-бүлѳ Регион» тарифи үчүн ай сайын* 690 сом ѳлчѳмүндѳ абоненттик төлөмдү төлөөгө 1 жылга келишим түзүү керек.
«О!Үй-бүлѳ Регион» комплектиси 4 SIM-картадан турат:
1. Башкы SIM-карта (1 даана) – Айлык абоненттик тѳлѳм ушул SIM-картанын номеринен алынып турат. Кошумча номерлерди башкаруу аталган номерден ишке ашырылат.
2. Кошумча үч SIM-карта (3 даана) үй-бүлѳ мүчѳлѳрүнѳ берилет.
Номерлерди топко кошуу:
Үй-бүлѳ мүчѳлѳрүнүн санына жараша, топко дагы кошумча 2 SIM-картаны киргизсе болот: топко эӊ кѳп Башкы SIM-карта менен биригип, 6 SIM-картаны киргизүү мүмкүн. «О!Үй-бүлѳ Регион» тарифин кошуу учурунда базалык комплекттин алкагында берилген номерди учурда колдонулуп жаткан абоненттик номерге бир жолу акысыз алмаштырууга уруксат берилет, ал эми кийинки номер алмаштыруулардын ар бири 200 сомду түзѳт. Базалык комплектке ар бир номерди кошуунун баасы 200 сом. Эгер базалык комплект орнотулган болсо, ар бир кошумча номердин баасы Абонент тарабынан өзүнчө төлөнөт. Эгер Башкы номер топко 5-кошумча номерди кошсо, анда кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 890 сомду түзөт, 6-кошумча номер кошулган учурда - кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1 090 сом болот.
- Ар бир SIM карта үчүн (1 башкы, 3 кошумча) мобилдик интернеттин алгачкы 30 гигабайты абоненттик төлөм алынган учурдан баштап 30 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайышы мүмкүн;
- Максималдуу ылдамдыктагы 30 ГБ интернет-топтому бирдей, күн менен түнгө БӨЛҮНБӨСТӨН берилет.
- Максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомун пайдалангандан кийин, Башкы SIM-картанын абоненти дагы, Кошумча SIM-картанын абоненттери дагы кезектеги абоненттик төлөмдү алуу учуруна чейин максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет менен пайдаланууга мүмкүндүк бере турган 1 ГБ, 2 ГБ же 10ГБ «Турбокнопкаларын» кошуп алышса болот. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинеттен», web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы менен кошсо болот:
- «Турбокнопкалардын» иштөө мөөнөтү– «О!Үй-бүлѳ Регион» тарифи үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү алуу үчүн алгачкы аракетине чейин;
- Бир мезгилде бир нече «Турбокнопкаларды» кошкондо интернет-трафик топтоштурулат;
- «Турбокнопкаларды» өчүрүү мүмкүн эмес.
1. «Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);
2. «Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (40 сом);
3. «Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (100 сом).
Кыргыз Республикасынын башка мобилдик түйүндѳрүнѳ пайдалуу чалуулар үчүн:
*1 жыл – бул 12 төлөнгөн мөөнөт. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган жана 60 күндөн ашуун абоненттик төлөмдү төлөбөй койгон учурда айып төлөм 1 200 сомду түзөт.
«О!Үй-бүлѳ Регион» тарифинин чегинде О! түйүнүндө жеңилдетилген (тарифтештирилбеген) чыгуучу чалуулар жана SMS ар бир суткада төмөнкү көлөмдө берилет:
•17:00:00 тартып 23:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар – 40 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);
• 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар – 140 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);
• 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин SMS жөнөтүү – 20 билдирүү;
• 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичинде SMS жөнөтүү – 180 билдирүү.
Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөрдөн ашык колдонулган учурда тарифтештирүү шарттары төмөнкүдөй аткарылат, чалуунун 1 мүнөт баасы 1,18 сом, 1 SMS жөнөтүү баасы 1,50 сом.
Башкы номер тарабынан Кошумча номерди кошуу |
*567*0X0Xxxxxxx# |
Башкы номер тарабынан Кошумча номерди өчүрүү |
*567*0*0X0Xxxxxxx# |
Башкы номер тарабынан Кошумча номерлердин тизмесин алуу |
*567*9# |
Интернет-трафиктин калдыгын топтогу бардык номерлер текшере алышат |
*728*9# |
- КР боюнча узактыгы 3 секундага чейинки бардык чыгуучу чалуулардын баасы – 0 сом;
- Бардык кирүүчү чалуулар акысыз, КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген кирүүчү чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;
- КР жергиликтүү байланыш операторлорунун чыгуучу чалуулары – 5,99 сом;
- O!Safe Kids – сизге виртуалдык жана чыныгы турмушта балаңызга кам көрүүгө, коргоого жардам бере турган кызмат. Кызмат «О!Үй-бүлө», «О!Үй-бүлө Регион», «Бирге арзан», «Бирге арзан 1.0», «Бирге арзан 2.0» жана «Бирге арзан Регион» тарифтериндеги Башкы номерде жеткиликтүү.
Өз түзүлүшүңүздө O!Safe Kids тиркемесин орнотуңуз жана «Ата-эне» режиминде ырастаныз, андан кийин балдарыңыздын түзүлүштөрүндө «Бала» режиминде ырастаңыз.
Эми сиз дайыма:
• Балаӊыз кайда жүргѳнүн билип, кѳзѳмѳлдѳй аласыз; • Түзүлүшү заряддалып-зараяддалбаганынан кабардар болуп турасыз;
• Каалабаган сайттарды жана жагымсыз контентти бѳгѳттѳй аласыз;
• Балаӊыз телефон жана интернет менен ѳткѳргѳн убакытты башкара аласыз;
• Айрым тиркемелерди бѳгѳттѳп, аларды колдонуунун күнүмдүк лимитин белгилей аласыз.
• Ал тургай балаӊыздын Facebook жана VKontakte платформаларындагы активдүүлүгүн, ошондой эле анын жаӊы досторун кѳзѳмѳлдѳй аласыз.
«O! Safe Kids» кызматын portal.safekids.kg сайтынан, ошондой эле AppStore же Google Play тиркеме дүкѳндѳрүнѳн кѳчүрүп алып колдоно баштасаӊыз болот.
Кызматты 30 күнгө кошуу: *234*1# (кызматтын наркы100 сом);
Кызматты 365 күнгө кошуу: *234*2# (кызматтын наркы 900 сом). - Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет;
- «О!Үй-бүлѳ Регион» тарифтик планына кошулганда, “Үн почтасы” кызматы кызматтын сайтта каралган шарттарынын негизинде автоматтык түрдө кошулат;
- «О!Үй-бүлѳ Регион» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттарына ылайык башка номерди тандап, аны өзгөртө алышат;
- Эгер сизде абоненттик төлөм күн сайын алынуучу кызматтардын бири кошулган болсо, «О!Үй-бүлѳ Регион» тарифи боюнча кезектеги ай сайын алынуучу абоненттик төлөм алынган учурда балансыңыз 990 сомдон аз болсо, кошулган үзгүлтүксүз кызматты колдонуу чектеле баштайт, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык үзгүлтүксүз кызматтын абоненттик төлөмүн алуу улана берет. Конкреттүү кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык пайдалануунун каалаган учурунда кызматтын маалыматтарын өчүрүүгө болот;
- Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарына жараша жеткиликтүү;
- «О!Үй-бүлѳ Регион» тарифтик планына кошулганда, “Бүткүл дүйнө!” кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жүргүзүүгө болот;
- «О!Үй-бүлѳ Регион» тарифинин алкагында роумингдин кызматы сайтта баяндалган жалпы эрежелердин негизинде көрсөтүлөт;
- Абоненттик төлөм алына турган учурда Башкы номердин балансында абоненттик төлөмдү төлөө үчүн каражат жетишсиз болсо, баланста болгон сумманын бардыгы алдыдагы абоненттик тѳлѳмдүн эсебине резервге калтырылат, ал эми жетпеген бѳлүгү баланста минус (жетпеген баланс) белгиси менен чагылдырылып, шашылыш кызматтардын номерлерине акысыз чалуулардан тышкары, чыгуучу мобилдик байланыш кызматтары менен интернетке кирүү мүмкүндүгү ѳчүрүлѳт. Мобилдик байланыш кызматтары менен интернетке кирүү мүмкүндүгүн алуу үчүн балансты айлык абоненттик тѳлѳмгѳ жете турганай суммага толуктоо зарыл;
- Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү жайы катары модем режиминде колдонордо «Интернетти тарат!» кызматы менен пайдалануу керек;
- Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 20 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;
∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 20 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;
∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салуу мүмкүн, бул үчүн каалаган Сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесине барса же *707 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;
∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну *745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн.
∙ Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (20 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан кем эмес. - Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эгерде эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөм акыркы алынган күндөн тартып) абонент интернет-сервисти кыянаттык менен пайдаланса жана башка абоненттерге ыңгайсыздыктарды жааратса, анда тутум абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып (эсептешүү мезгилине чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөм алынган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келет. Мындай ыкманын негизги артыкчылыгы катары түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда бирдей бөлүштүрүү жана болуп саналат жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык берилет;
- «О!Үй-бүлѳ Регион» тарифинин алкагында Башкы жана Кошумча номерлерде төмөнкү кызматтарды кошуу:
- Эгерде бардык SIM-карталардагы интернет топтому 30 күндүн ичинде толугу менен сарпталбаса, анда кезектеги айлык абоненттик төлөм алуу учурунда интернеттин сарпталбаган мегабайттары күйүп кетет.
- Комплекттин, бир айлык абоненттик төлөмдүн, Кошумча номерди кошуунун/алмаштыруунун жана «Турбокнопка» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасында КНС эске алынып, СС кошулган жок;
- О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын, чыгуучу эл аралык чалуулардын жана КР башка байланыш операторлоруна чалуулардын тарифтештирүү интервалы – 10 секунд.
- Башкы номердеги «О!Үй-бүлѳ Регион» тарифин мөөнөтүнөн мурда алмаштыруу Башкы номер катталган абонент каалаган О! кеңсесине же O!Store дүкөнүнө кайрылган учурда жана 1200 сом өлчөмүндөгү айып төлөмдү О! кеңсесинин же О!Store дүкөнүнүн кассасына накталай акча каражаттарды киргизүү жолу менен төлөгөндө гана мүмкүн;
- Эгер абонент «О!Үй-бүлѳ Регион» тарифи менен пайдаланууну каалабаса, анда 1200 сом өлчөмүндөгү айып төлөмдү О! кеңсесинин же О!Store дүкөнүнүн кассасына накталай акча каражаттарды киргизүү жолу менен төлөшү керек;
- Башкы номер тарабынан «О!Үй-бүлѳ Регион» тарифин компаниянын которулуу үчүн ыңгайлуу башка каалаган тарифине алмаштырылганда сарпталбаган бардык мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында мурда «О!Үй-бүлѳ Регион» тарифи үчүн алынган абоненттик төлөм кайтарылбайт;
- Эгер Башкы номер «О!Үй-бүлѳ Регион» тарифин башка тарифке ѳзгѳртсѳ, топтогу Кошумча номерлердин бардыгы автоматтык түрдѳ «О!го которул 105» тарифине ѳтѳт;
- Эгер Башкы номер топтогу Кошумча номерлердин бирөөсүн өчүрүп салса, анда өчүрүлгөн номердин тарифи «О!го которул 105» тарифине автоматтык түрдө алмашат;
- Эгер Кошумча номерлердин бири «О!Үй-бүлѳ Регион» тарифин өз алдынча алмаштырып алса, анда Кошумча номердеги «О!Үй-бүлѳ Регион» тарифинин шарттары автоматтык түрдө өчөт да, учурдагы балансты эске алуу менен жаңы тарифтин шарттары кошулат.