БИРГЕ АРЗАН

БИРГЕ АРЗАН

vmeste-deshevle_plashka_kg.jpg
Бүт үй-бүлө үчүн Интернет комплекти!

  • Трафик боюнча чектөөсүз максималдуу ылдамдыктагы үйдөгү Интернет үчүн РОУТЕР!
  • О! түйүнүнүн ичинде акысыз чалуулар жана SMS үчүн 3 SIM-карта жана айына 40 Гигабайттан Интернет-трафик.
  • O! Safe Kids кызматы башкы SIM-картада кошумча акысыз жеткиликтүү!
  • Үнөмдөөнү дароо азыр баштаңыз! Кошулуу үчүн табыштамаларды төмөнкү номерлер аркылуу калтырыңыз: 0 500 000 955 (башка мобилдик операторлордун абоненттери үчүн чалуулар алардын тарифтик планына ылайык тарифтештирилет).

Бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же O!Store дүкөнүнөн комплектини сатып алса, ошондой эле «Бирге арзан» тарифине кошулса болот.   

Жаңы тарифке кошулуу өлкөнүн бардык облустарында жеткиликтүү!

«Бирге арзан» тарифин О! сатуу жана тейлөө Кеңселеринен, О!Store дүкөнүнөн сатып алууга жана кошулууга же 955 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) номерине сурамды калтырууга болот. Башка мобилдик операторлордун абоненттери 0 500 000 955 (чалуу алардын тарифтик планына ылайык тарифтештирилет) номерине чала алышат.

Комплекттин баштапкы баасы 4 180 сом, анын ичинен 2 990 сом – роутердин баасы. Андан кийин 30 күнгө абоненттик төлөмдүн баасы 1 190 сомду түзөт.

Милдеттүү шарт:

«Бирге арзан» тарифи үчүн абоненттик төлөмдү 1 190 сомдон 1 жылга ай сайын* төлөөгө келишим түзүү керек.

«Бирге арзан» комплектиси 4 SIM-картадан турат:

1. Башкы SIM-карта (1 даана) – SIM-картаны телефондо пайдаланыш керек. Айлык абоненттик төлөм ушул SIM-картадагы номерден алынат. Кошумча номерлерди башкаруу да ушул номерден жүргүзүлөт.

2. Роутер үчүн SIM-карта (1 даана) – Комплектидеги бул SIM-картаны роутерде Интернетке чыгуу үчүн колдонуу керек. Комплектидеги гана SIM-карта менен роутер туура иштеши мүмкүн

3. Телефондо колдонуу үчүн кошумча SIM-карта (2 даана) SIM-карталарды үй-бүлө мүчөлөрүнө берип койсо болот жана аларды телефондо колдонуу керек. 

Топко үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жараша кошумча 2 SIM-картага чейин дагы кошсо болот: топто роутердеги SIM-карта менен бирге максимум  6 SIM-картага чейин кошуу каралган. "Бирге арзан" тарифине кошулган учурда базалык комплектте бөлүнгөн номерди (роутер үчүн каралган номерден башка) иштеп жаткан абоненттик номерге бир жолу акысыз алмаштырууга жол берилет, ал эми номердин улам кийинки алмаштыруусунун баасы 200 сомду түзөт. Базалык комплектке ар бир номерди кошуунун баасы 200 сом. Эгер базалык комплект орнотулган болсо, ар бир кошумча номердин баасы Абонент тарабынан өзүнчө төлөнөт. Эгер Башкы номер топко 3-кошумча номерди кошсо, анда кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1390 сомду түзөт, 4-кошумча номер кошулган учурда - кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1590 сом болот. 

  • КР башка мобилдик операторлордун номерлерине чалуулар - 2,8 сом/мүн.
  • Кыргызстан боюнча SMS - 1,5 сом/даана
  • КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлерине чалуулар - 5,99 сом/мүн.
    • Ар бир SIM карта үчүн (1 башкы, 2 кошумча) алгачкы 40 мобилдик интернеттин алгачкы 40 гигабайты абоненттик төлөм алынган учурдан баштап 30 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайышы мүмкүн;
    • Максималдуу ылдамдыктагы 40 ГБ интернет-топтому бирдей, күн менен түнгө БӨЛҮНБӨСТӨН берилет.
    • Максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет 250 ГБ көлөмүндө күндүзгү жана түнкү трафикке бөлүнбөстөн берилет, андан ары ылдамдыгы секундасына 1 Мбит болуп белгиленет;

    • Максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомун пайдалангандан кийин, Башкы SIM-картанын абоненти дагы, Кошумча SIM-картанын абоненттери дагы кезектеги абоненттик төлөмдү алуу учуруна чейин максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет менен пайдаланууга мүмкүндүк бере турган 1 ГБ, 2 ГБ же 10ГБ «Турбокнопкаларын» кошуп алышса болот. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинеттен», web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы менен кошсо болот:
    • 1. «Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

      2. «Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (40 сом);

      3. «Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (100 сом).

    • «Турбокнопкалардын» иштөө мөөнөтү– «Бирге арзан» тарифи үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү алуу үчүн алгачкы аракетине чейин;
    • Бир мезгилде бир нече «Турбокнопкаларды» кошкондо интернет-трафик топтоштурулат;
    • «Турбокнопкаларды» өчүрүү мүмкүн эмес.

    * 1 жыл – бул 12 төлөнгөн мөөнөт. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган жана 60 күндөн ашуун абоненттик төлөмдү төлөбөй койгон учурда айып төлөм 3 600 сомду түзөт.

    «Бирге арзан» тарифинин чегинде О! түйүнүндө жеңилдетилген (тарифтештирилбеген) чыгуучу чалуулар жана SMS ар бир суткада төмөнкү көлөмдө берилет:

    •17:00:00 тартып 23:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар – 40 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);

    • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар – 140 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);

    • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин SMS жөнөтүү – 20 билдирүү;

    • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичинде SMS жөнөтүү – 180 билдирүү.

    Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөрдөн ашык колдонулган учурда тарифтештирүү шарттары төмөнкүдөй аткарылат, чалуунун 1 мүнөт баасы 1,18 сом, 1 SMS жөнөтүү баасы 1,50 сом.