«Мобилдик алдамчылык»

mob_mosheniki.jpg


Эгер Сиз алдамчынын курманы болсоңуз, эмне кылуу керек?

Эгер Сиз телефондук алдамчылардын курманы болуп калдым деп эсептесеңиз, Сиз алдамчылык фактысы боюнча укук коргоо органдарына кайрыла аласыз. Мобилдик байланыш оператору алдамчылардын иш-аракети үчүн жоопкерчилик албайт жана абоненттерге карата мыйзамга каршы келген иш-аракеттерин жасаган жактарды жоопко тартуу боюнча укук коргоо органдарынын функцияларын ишке ашыра албайт.


Урматтуу Абоненттер! Өтүнүч, этият болуңуздар, алдамчылардын айла-амалдарына туш келбеңиздер!

Абоненттерге сунуштар:

  • Өзүн Сиздин туугандар, достор жана тааныштар болуп тааныштырган жана шашылыш иш-аракеттерди-акча каражаттарын которуу, төлөм карталарын жүктөө, кыска номерге SMS жөнөтүү сыяктууларды жасоону талап кылган тааныбаган адамдардан алган маалыматтарды кайра-кайра текшериңиз.

  • Кандайдыр бир акцияларга/байгелерди ойнотууга катышаардын алдында, биздин Компаниянын маалымат алуу-сурап билүү кызматына чалыңыз жана чынында эле акция/ойнотуу өткөрүлүп жатабы же жокпу тактаңыз жана чалуунун/ SMS баасын билиңиз.

  • Кандайдыр-бир маалыматты/добуштук билдирүнү көрүү үчүн тааныш эмес номерден келген шилтемени жүктөөгө шашпаңыз.

  • Телефонго аларды орнотоордон мурда, тааныш эмес/текшерилбеген тиркемелердин баяндамасы менен алдын ала таанышыңыз. Балким ал өз алдынча SMS жөнөтө алган же чала ала турган  вирустур.

  • Өзү смс жөнөтө ала турган тиркемелерди аныктоо жана алардын сиздин макулдугуңусуз SMS жөнөтүшүн чектөө үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу зарыл:

a) эгер Сиздин телефон Android операциондук тутумунда  (Samsung, HTC, LG, Sony Ericsson Xperia, Alcatel) болсо, Настройки -> Приложения -> Управление приложениями кириңиз. Телефонго орнотулган бардык тиркемелердин тизмеси чыгат. Ар бир тиркемеге кирип, баяндоосун карап чыгуу зарыл. Өздөрү SMS жөнөтө алган тиркемелерде баяндоонун астында «Возможность отправки SMS» деген жерде канатча турат.
b) эгер Сиздин телефон Symbian операциондук тутумунда   Nokia C, E, N) болсо,
Параметры- Диспетчер приложений-Установленные приложения кириңиз. Телефонго орнотулган бардык тиркемелердин тизмеси чыгат. Ар бир тиркемени белгилеп, төмөнкү аракеттер менен смс колдонууга тыюу салса болот. Функции-Параметры приложения- использование SMS – запретить.
  • Этият болуңуздар! Сиздин компьютердеги вирустарды жок кылуу жана программалык камсыздоонун лицензиясын узартуу үчүн SMS жөнөтпөңүз, себеби азыркы учурда мындай схемалар ишке ашырыла элек.

  • Телефонуңузду расмий/текшерилген сервистик борборлордо гана ремонттоону жана тейлөөнү сунуштайбыз. Телефонуңуз үчүнчү жактарга өткөндө ( ремонт ж.б. үчүн.), телефондон SIM – картаны чыгарып алууну сунуштайбыз.

  • Өз алдынча же Компаниянын өнөктөштөрүнүн катышуусу менен уюштурула турган ар кандай акциялардын, викториналардын жана ойнотуулардын шарттары жөнүндө маалымат компаниянын корпоративдик сайтында (www.o.kg) же абоненттер бөлүмдөрүндө жеткиликтүү экендигине көңүл буруңуздар. Мындан тышкары,  Компания төлөм карталарынын жашыруун кодун башка адамдарга берүүгө байланышкан эч кандай жарнамалык акцияларды өткөргөн жок, ошондой эле абоненттерди тартууга байланышкан, анын ичинде мобилдик телефондон кандайдыр бир маалыматты жөнөтүүгө, киргизүүгө, чалууларды жасоого же кирүүлөрдүн сырсөздөрүн алмаштырууга байланышкан эч кандай техникалык жумуштарды жүргүзгөн жок.