Переходи на О! Студент Онлайн PRO

Переходи на О! Студент Онлайн PRO

Студенттер үчүн социалдык тарифтик план.
Ар жума сайын төмөнкүлөр жеткиликтүү:
  • Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 20 ГБ интернет;
  • КРнын башка мобилдик түйүндөрүнѳ 10 мүнөт;
  • Facebook, Twitter, Одноклассники, ВКонтакте, WhatsApp, Telegram, Instagram, ZOOM, Skype, Google Classroom, KelВil жана КРнын ЖОЖдорунун акысыз билим берүүчү сайттары үчүн ЧЕКСИЗ интернет;
  • О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS;

  • Абоненттик төлөм 7 күнгө:
    115 сом

    05.08.2020 баштап тарифке кошулуу мүмкүн эмес.
Тарифти көрсөтүү шарттары:
Кошумча маалымат:
  • «Переходи на О! Студент Онлайн PRO» тарифтик планы бүт Кыргызстандын ЖОЖдорунун бардык студенттерине жеткиликтүү;

  • Бардык кирүүчү чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү – 5,99 сом;

  • Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/5,99 сом;

  • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет;

  • «Переходи на О! Студент Онлайн PRO» тарифтик планына кошулууда «Үн почтасы» кызматты автоматтык түрдө кошулат;

  • Жаңы SIM-картаны активдештиргенде, которулганда же «Переходи на О! Студент Онлайн PRO» тарифтик планы үчүн абоненттик төлөм алынганда, бир гана жолу «Коңгуроо» кызматы автоматтык түрдө кошулат, «Коңгуроо» кызматы 14 календарлык күн бою акысыз көрсөтүлөт да, 15-күндөн баштап стандарттык шарттарда көрсөтүлө баштайт;

  • «Переходи на О! Студент Онлайн PRO» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттарына ылайык номерди тандап жана аны алмаштыра алышат;

  • Бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, сиздин балансыңызда 115 сомдон кем сумма болсо, анда баланстагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, ал эми жетишсиз сумма болсо, ал баланста кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонуу жана интернетке кирүү үчүн бир жумалык абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек;

  • Эгер абонентте «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, баланста 115 сомдон аз сумма болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот;

  • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү. «Переходи на О! Студент Онлайн PRO» тарифтик планын «Мой О!» тиркемеси аркылуу активдештиргенде, «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот;

  • Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү ушул тарифтеги SIM-карта менен смартфондо гана колдонулушу мүмкүн. Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү түйүнү катарында (модем шарттамында) колдонуу үчүн - «Интернет тарат!» кызматын колдонуңуз;

  • Бул тарифтин алкагында чексиз интернеттин шарттарын туура көрсөтүү үчүн тутум тарабынан максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 300 МБ чейин интернет-трафик резервделет. Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин актуалдуу калдыгын текшерүү үчүн алгач маалыматтардын топтомдук өткөрүүсүн өчүрүү керек, андан кийин аппаратты "учуу" режимине алуу жана бул режимден чыгуу, андан соң маалыматтардын топтомдук өткөрүүсүн күйгүзбөстөн, *728*9# буйрутмасын терүү керек;

  • Эгер негизги интернет-топтом 7 күндүн ичинде толугу менен сарпталбаса, анда сарпталбаган интернеттин мегабайттары кийинки мөөнөткө которулат;

  • «Переходи на О! Студент Онлайн PRO» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алмаштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет;

  • Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 25 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;
    ∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 25 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салуу мүмкүн, бул үчүн каалаган Сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесине барса же *707 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну *745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн.
    ∙ Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (25 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан кем эмес.

  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эгерде эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоненттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;

  • Социалдык тармактар жана мессенджерлер үчүн жеңилдетилген (тиркеме, сайт) интернет камтуусунун алкагында абонент тейленип жаткан негизги тарифтин же башка кызматтардын алкагында интернет-трафикти колдонуу (сарптоо) мүмкүн:
    - социалдык тармактар жана мессенджерлер алкагында добуштук жана видеочакырууларды жүргүзгөндө,
    - социалдык тармактар жана мессенджерлер алкагында Stories жана Онлайн-берүүлөрдү көргөндө,
    - тиркемелерди жаңылаганда, браузерди жеке көрүү (инкогнито) режиминде колдонгондо,
    - браузерди трафикти кысуу үчүн колдонгондо же прокси-серверди, VPN-каналдарды, анонимайзерлерди пайдаланганда,
    - социалдык тармактар жана мессенджерлер алкагында тышкы ресурстар (башка сайттар) менен туташууну талап кылган шилтемелерди, сүрөттөрдү, видеороликтерди камтыган беттер ачылса;
  • «Переходи на О! Студент Онлайн PRO» тарифи иштеп жатканда төмөнкү кызматтарды кошууга болбойт: «5+5», «Сенин күнүмдүк нөлүң!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң!» (7 күн), «Сенин нөлүң белекке!», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Түнкү чексиздик+»;

  • Ар апталык абоненттик төлөмдүн жана "Турбокнопка" кызматынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү;

  • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын жана КРнын башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.

*КРнын башка мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын («Megacom» бренди), «СкайМобайл» ЖЧКсынын («Beeline» бренди), «КТ Мобайл» ЖЧКсынын («Salam» бренди) номерлери кирет.

**Тарифке которулганда же бул тариф менен SIM-картаны активдештиргенде автоматтык түрдө «Мобилдик айлык акы!» кызматы - 30 сутка акысыз мөөнөт менен кошулат. Акысыз мөөнөт бүтөрү менен (31-суткада) «Мобилдик айлык акы!» кызматы өз алдынча өчүрүлгөнгө чейин стандарттык шарттарда көрсөтүлөт.

Ар 7 күн төмөнкүлөр жеткиликтүү:

Абоненттик төлөм

115 сом

Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү

20 ГБ

Башка түйүндөргө

10 мүнөт

Facebook, Twitter, Одноклассники, ВКонтакте, WhatsApp, Telegram, Instagram, ZOOM, Skype, Google Classroom, KelВil жана Кыргызстандын ЖОЖдорунун акысыз билим берүүчү сайттарына интернет-трафиктин көлөмү

Чексиз

Башка түйүндөргө чалуулар*

4,5 сом

О! түйүнүндө чалуулар жана SMS

0 сом

«Мобилдик айлык акы» кызматынын алкагында тарифтин шарттарына ылайык, КРнын башка мобилдик операторлорунун абоненттеринен кирүүчү ар бир мүнөт үчүн БОНУС**

1 сом

КРнын башка операторлорунун номерлерине SMS

1,50 сом

Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүнүн жана башка операторлордун номерлерине акысыз мүнөттөрдүн калдыгын текшерүү буйрутмасы

*728*9#


  • Алгачкы 20 гигабайт мобилдик интернет тарифте топтомдор жаңыланган учурдан тартып 7 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.
  • Максималдуу ылдамдыктагы интернет-топтомду колдонуп бүткөндөн кийин, «Турбокнопка» 1 ГБ, 2 ГБ, 5 ГБ жана 10 ГБ кызматтарын кошууга болот, алар кезектеги абоненттик төлөмдү алганга (тарифте топтомдор жаңыланганга) чейин мобилдик интернетти максималдуу ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинетте», web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы аркылуу кошууга болот:

«Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

«Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (50 сом);

«Турбокнопка 5 ГБ» – *735*5# (100 сом);

«Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (150 сом).

«Мой О!» мобилдик тиркемесинен тариф менен кызматтарды башкарыңыз, мүнөттөрдүн жана гигабайттардын калдыгын текшериңиз, толук детализацияны жана күнү-түнү онлайн-консультация алыңыз. Тиркемени дароо азыр акысыз жүктөп алыңыз!