Окуучу 28 күн PRO

Окуучу 28 күн PRO

Окуучу 28 күн PRO

Окуучулар үчүн социалдык тарифтик план

  • Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 24 ГБ интернет;
  • ЧЕКСИЗ WhatsApp, Telegram, Skype, Google Classroom, Zoom, Instagram, Facebook, ВКонтакте, Одноклассники жана Twitter;
  • Видеосабактарды онлайн көрүү үчүн O!TV тиркемесиндеги «O!TV Окутуу» топтомуна АКЫСЫЗ кирүү;
  • «МОЙ О!» тиркемесиндеги электрондук окуу китептери, сабак жүгүртмөлөрү жана видеосабактары бар «Мектеп» бөлүмүнө, ошондой эле билим берүүчү «ЯКласс» онлайн-ресурсуна АКЫСЫЗ кирүү;
  • Дистанциондук окутуунун OKU.EDU.GOV.KG, lib.kg, kitep.edu.gov.kg, okuma.kg порталдарына АКЫСЫЗ кирүү;
Тарифти көрсөтүү шарттары:
Башкаруу буйрутмалары:
Кошумча маалымат:
«Окуучу 28 күн PRO» тарифин кантип кошуп алса болот?

Каттоодон өтпөй туруп кошулуу:

Тарифти кошумча каттоодон өтпөй туруп «МОЙ О!» тиркемесинен же *155*89# буйрутмасынын жардамы менен төмөнкү учурларда кошуп алса болот:

  • Эгер сиз мурда «Окуучу 28 күн PRO» тарифин кошуп алуу үчүн каттоодон өткөн болсоңуз жана кийин тарифти башкага которгон учурда;
  • Каттоодон өтүү аркылуу кошулуу:

    «Окуучу 28 күн PRO» социалдык тарифине кошулуу үчүн Окуучунун «Мой О!» тиркемесинен каттоодон өтүүсү керек.Тиркемени Play Market же AppStore платформаларынан жүктөп алыңыз. Эгер тиркеме смартфонуңузда болсо, анда аны кайрадан жаңылашыңыз керек. «Тарифтер» менюсуна кириңиз, ал жерден «Окутуу үчүн» категориясын табыңыз. «Окуучу үчүн» вкладкасын тандаңыз жана атайын форманы толтуруп, төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:

  • Фамилиясы;
  • Аты;
  • Туулган жылы;
  • Область/район/калктуу пункт;
  • Мектептин номери/аты;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн номери;
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн сүрөтү.
  • Тиешелүү текшерүүдөн өткөргөндөн кийин – тариф бир күндүн ичинде Окуучунун “Мой О!” тиркемесинен катталуу жүргүзгөн телефондун номерине автоматтык түрдө кошулат.

    Эгер сиздин үйдөн чыгуу мүмкүнчүлүгүңүз болсо, тарифти O!Store сатуу жана тейлөө кеңселеринен дагы кошуп алса болот. Жаныңызда жогорудагы тизмеде көрсөтүлгөн маалыматтар менен документтер болушу керек.

    28 күнгө абоненттик төлөм

    285 сом

    Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы негизги интернет-топтомдун интернет-трафигинин көлөмү

    24 ГБ

    WhatsApp, Telegram, Skype, Google Classroom, Zoom, Instagram, Facebook, ВКонтакте, Одноклассники жана Twitter үчүн интернет-трафиктин көлөмү

    Чексиз

    Башка түйүндөргө чалуулар*

    2,8 сом

    О! түйүнүндө чалуулар жана SMS

    0 сом

    КРнын башка операторлорунун номерлерине SMS

    1,50 сом

    Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүнүн калдыгын текшерүү буйрутмасы

    *728*9#

    • Мобилдик интернеттин алгачкы 24 гигабайты тарифте топтомдор жаңыланган учурдан тартып 28 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.
    • Максималдуу ылдамдыктагы интернет-топтомду колдонуп бүткөндөн кийин, «Турбокнопка» 1 ГБ, 2 ГБ жана 10 ГБ кызматтарын кошууга болот, алар кезектеги абоненттик төлөмдү алганга (тарифте топтомдор жаңыланганга) чейин мобилдик интернетти максималдуу ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинетте», web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы аркылуу кошууга болот:

    «Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

    «Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (40 сом);

    «Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (100 сом).

    «Мой О!» мобилдик тиркемесинен тариф менен кызматтарды башкарыңыз, мүнөттөрдүн жана гигабайттардын калдыгын текшериңиз, толук детализацияны жана күнү-түнү онлайн-консультация алыңыз. Тиркемени дароо азыр акысыз жүктөп алыңыз!

    • КР боюнча 3 секундага чейинки бардык чыгуучу чалуулардын баасы – 0 сом;
    • Бардык кирүүчү чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар боюнча сүйлөшүүнүн бир мүнөтү – 3,5 сом;
    • Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/3,5 сом;
    • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет;
    • «Окуучу 28 күн PRO» тарифтик планына кошулууда «Үн почтасы» кызматты автоматтык түрдө кошулат;
    • «Окуучу 28 күн PRO» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттарына ылайык номерди тандап жана аны алмаштыра алышат;
    • Эгер абоненттик төлөм алынып жаткан учурда, сиздин балансыңызда 285 сомдон кем эмес сумма болсо, баланстагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, эгер жетишсиз сумма болсо, ал баланста кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчүрүлөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонуу жана интернетке кирүү үчүн балансты абоненттик төлөмдү алууга жете турган суммага толуктоо керек.
    • Эгер сизде «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, баланста 285 сомдон аз сумма болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот.
    • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү. «Окуучу 28 күн PRO» тарифтик планын активдештиргенде, «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот;
    • Максималдуу ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү ушул тарифтеги SIM-карта менен смартфондо гана колдонулушу мүмкүн. Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү түйүнү катарында (модем шарттамында) колдонуу үчүн - «Интернет тарат!» кызматын колдонуңуз.
    • Бул тарифтин алкагында чексиз интернеттин шарттарын туура көрсөтүү үчүн тутум тарабынан максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 300 МБ чейин интернет-трафик автоматтык түрдө резервделет. Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин актуалдуу калдыгын текшерүү үчүн алгач маалыматтарды топтомдук өткөрүүсүн өчүрүү керек, андан кийин аппаратты "учуу" режимине өткөрүү жана бул режимден чыгуу, андан ары маалыматтарды топтомдук өткөрүүнү күйгүзбөстөн *728*9# текшерүү буйрутмасын терүү зарыл;
    • 28 күндүн ичинде интернеттин топтому сарпталбаса, кезектеги абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мобилдик интернеттин мегабайттары күйүп кетет.
    • «Окуучу 28 күн PRO» тарифин компаниянын жеткиликтүү болгон каалаган тарифине алмаштырган учурда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында «Окуучу 28 күн PRO» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн мурда алынган каражаттар кайтарылбайт;
    • Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 20 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;
      ∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 20 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салуу мүмкүн, бул үчүн каалаган Сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесине барса же *707 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну *745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн.
      ∙ Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (20 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан кем эмес.
    • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эгерде эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоненттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;
    • «Окуучу 28 күн PRO» тарифи иштеп жатканда төмөнкү кызматтарды кошууга болбойт: «5+5», «Сенин күнүмдүк нөлүң!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң!» (7 күн), «Сенин нөлүң белекке!», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Түнкү чексиздик+»;
    • Абоненттик төлөмдүн жана «Турбокнопка» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү;
    • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын жана КРнын башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.
    • *КРнын башка мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын («Megacom» бренди), «СкайМобайл» ЖЧКсынын («Beeline» бренди), «КТ Мобайл» ЖЧКсынын («Salam» бренди) номерлери кирет.