Чексиз 4G + O!TV

Чексиз 4G + O!TV

mob-internet+otv.jpg
Чыныгы чексиз 4G Интернет + Мобилдик телеберүү

Интернет менен чексиз колдонуу жана 200 ТВ-канал көрүү.

Кызматты кошуу баасы: 

  • Берилүүчү трафиктин көлөмү ЧЕКСИЗ
  • 7 күнгө абоненттик төлөм 300 сом
  • 30 күнгө абоненттик төлөм 1190 сом
Баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү.
Тарифти көрсөтүү шарттары:
  • Кызматты кошуу «Интернет+» тарифтик планында тейленген  Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында  жүргөн абоненттер үчүн жеткиликтүү.
  •  «Чексиз 4G + O!TV» кызматынын чегинде маалыматтарды берүү кызматы жана телеберүү  Кыргыз  Республикасынын бүткүл аймагында абонент кандай түйүндө - 2G, 3G же 4G түйүнүндө турганына карабастан жеткиликтүү.
  • Кызматты активдештирүү баасы 30 күнгө бардык салыктарды эске алганда - 1190 сом, 7 күнгө бардык салыктарды эске алганда - 300 сом. Кызматтын иштөө мөөнөтү учурунда абонентке бериле турган трафиктин көлөмүн эске алуусуз мобилдик интернетти пайдалануу жана 140 каналдарды көрүү мүмкүндүгү берилет.
  • ТВ-каналдарды көрүү үчүн otv.kg сайтын ачыңыз. ТВ көрүүдө  колдонулган интернет-трафик О! түйүнүндө тарифтештирилбейт.
  • Кызмат активдештирилген учурдан тартып ар бир 7 же 30 күндө автоматтык түрдө же кызматтын кезектеги иштөө мөөнөтүн автоматтык түрдө узартканда узартылат.
  •  Абоненттин эсебинен «Чексиз 4G + O!TV» кызматын пайдалангандыгы үчүн кийинки 7 же 30 күнгө активдештирүү үчүн төлөм автоматтык түрдө алынат.
  • Эгер абонентте «Чексиз 4G + O!TV» кызматы кошулуп турса, «Non Stop», «2 ГБ», «4 ГБ», «6 ГБ» кызматтарын кошууга болот. Мында «Чексиз 4G + O!TV» кызматынын шарттары өчүрүлөт жана кошулган «2 ГБ», «4 ГБ» же «6 ГБ» кызматынын жаңы шарттары иштеп баштайт.
  • Эгер абонентте «Чексиз 4G + O!TV» кызматы 30 күнгө кошулуп турса, «Чексиз 4G + O!TV» кызматын 7 күнгө кошууга болот, мында иштеп жаткан кызматтын шарттары өчүрүлөт да, кошулган кызматтын жаңы шарттары иштеп баштайт.
  • Эгер абонентте «Чексиз 4G + O!TV» кызматы 7 күнгө кошулуп турса, «Чексиз 4G + O!TV» кызматын 30 күнгө кошууга болот, мында иштеп жаткан кызматтын шарттары өчүрүлөт да, кошулган кызматтын жаңы шарттары иштеп баштайт. 
  • Эгер абонентте «Чексиз 4G + O!TV» кызматы 30 күнгө кошулуп турса, «Чексиз 4G» кызматын 30 күнгө кошууга болбойт. Эгер абонентте «Чексиз 4G + O!TV» кызматы 7 күнгө кошулуп турса, «Чексиз 4G» кызматын 7 күнгө кошууга болбойт.
  • Эгер абонентте «Non Stop», «2 ГБ», «4 ГБ», «6 ГБ» кызматтары кошулуп турса, «Чексиз 4G» кызматын кошууга болот. Мында жогоруда көрсөтүлгөн кызматтын шарттары өчүрүлөт, колдонулбаган интернет-трафиктин пакети күйүп кетет жана интернетти тарифтештирүү кошулган «Чексиз 4G + O!TV» кызматынын шарттары боюнча жүргүзүлөт.
  • Балансты текшерүү, кызматты башкаруу абоненттин Жеке кабинетинде жүргүзүлөт. Жеке кабинетке кирүү тарифтештирилбейт жана азыркы учурда абонентте «Чексиз 4G» кызматы активдүү же активдүү эмес экендигине карабастан каалаган баланста ачык болот.
  •  Эгер 7 же 30 күндөн кийин кызматты активдештирүү учурунда же кызматтын кезектеги иштешин узартууда абоненттин эсебинде абоненттик төлөмдү алуу үчүн керектүү сумма жок болсо, анда  «Чексиз 4G + O!TV» кызматы өчүрүлөт. Абоненттин эсебинде абоненттик төлөмдү алуу үчүн жетиштүү сумма пайда болоору менен, абоненттин эсебинен кызматты активдештирүү үчүн төлөм автоматтык түрдө алынат жана кызматтын иштеши кийинки 7 же 30 күнгө узартылат.
  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;

  • "O!TV" кызматынын чегиндеги телеканалдар, мазмуну жана контенти «Диас ТВ» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт.