Huawei, Samsung, Honor, Xiaomi, O!Phone смартфондору бөлүп төлөөгө

Ostore.kg интернет-дүкөнүндө жана O!Store дүкөндөрүндө Huawei, Samsung, Honor, Xiaomi, O!Phone популярдуу смартфондордун бренддерине бөлүп төлөө жүрүп жатат.

Бөлүп төлөөнүн маңызы сиз мыкты смартфонго ашык төлөмсүз жана пайызсыз ээ болуу менен бирге, аны бирдей үлүштө төлөп бүтөсүз дегенди билдирет.

  • Пайыздык коюм - 0%

  • Баштапкы төгүм - 0%

  • Бөлүп төлөө мөөнөтү 3 же 6 ай

Керектүү документтер:

  1. Паспорт (Эгер паспортуңуз жаңы үлгүдөгү – биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жериңизден маалымкат);

  2. 3 айга же андан ашык мөөнөткө айлык акы тууралуу маалымкат (Эгер сиз жеке ишкер болсоңуз, 3 айга жарактуу патент көрсөтүү керек).

Мал чарбаларынын ээлери үчүн 20 000 сомго чейинки смартфондорду кепилсиз жана күрөөсүз сатып алуунун өзгөчө шарттары каралган. Айлык акы тууралуу маалымкаттын ордуна алар айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү малынын бар экендигин тастыктаган маалымкат көрсөтө алышат.

0705 007 000 телефону, интернет-дүкөнүнүн ostore.kg сайты жана O!Store дүкөндөрү аркылуу жеткирүүнү тапшырык кылууга жана конкреттүү моделдин бар экендигин билүүгө болот.

Сиз жеткирүүнү жолжоболоштурганыңызда жагымдуу бонуска – О! түйүнүндө максималдуу ылдамдыктагы 10 ГБ акысыз мобилдик интернетке ээ болосуз (акысыз жеткирүү Бишкек шаарынын чегинде каралган).

***

Акция 2019-жылдын 1-апрелинен баштап 31-декабрына чейин бөлүп төлөөнү жолжоболоштурганда жүрөт. Акцияга Sony, Apple, Samsung A920 (А9 2018),Samsung G960 (S9),Samsung G965 (S9+),Samsung N950 (Note 8), Samsung G970 (S10е),Samsung G973 (S10),Samsung G975 (S10+) моделдеринен башка бардык смартфондор киргизилген. Насыянын босоголук суммасы – 70 000 сом, 1 жеке адамга смартфондордун саны - 3 даанадан ашык эмес, «Переходи на О!» тарифтеринин топтомуна 50% арзандатуу берилбейт. Банк себептерин түшүндүрбөстөн насыя берүүдөн баш тартуу укугуна ээ. Товардын саны чектелүү. Баалары сом менен көрсөтүлгөн жана 2019-жылдын 1-апрелине карата жарактуу. Товар тастыкталган. Толук маалымат ostore.kg сайтында. «Дос Кредобанк» КРУБ лицензиясы: №037.